Зордуктап колго түшүштү
26-октябрда Бишкек шаарындагы Рыскулов жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинен 25 жаштагы К. Айпери аттуу кызды белгисиз жаран күч колдонуп зордуктап салган. Көп узабай эле милийсалардын тузагына окуяга шектүү катары 20 жаштагы Ш. Айбек аттуу жаран түшүп, учурда сурак берип жатат. Ошондой эле эртеси 27-октябрь күнү Л. Инна атуу 23 жаштагы Сокулук районунун тургунун белгисиз адам күч колдонуп зордуктап кеткен. Кордук көргөн Л. Инна милийсага кайрылып, укук коргоо органдарынын ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында, окуяга шектүү делип 33 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну колго түшкөн.

Милийсанын погонун жулду…
26-октябрь күнү түнкү саат 01:30 чамасында Октябрь РИИБдин №6 шаардык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө “102” кызматы аркылуу мушташ болуп жаткандыгы маалымдалган. Окуя болгон жерге аталган бөлүмдүн ыкчам иликтөө тобу барган. Милиция кызматкерлерине кайрылган У.Ормонов жеке саунанын ээсине карата чара кабыл алууну өтүнүп, музыка катуу чыгарылган жайда цензурадан тыш сөздөр айтылып, түн ичинде коомдук тартипти бузуу менен тынчтык бербей жаткандыгын белгилеген. Бул фактыны аныктоо боюнча аталган саунаны текшерүү үчүн барган милиция кызматкерлерине эшикти эч ким ачкан эмес. Маалыматта айтылгандай, болжол менен бир саат убакыттан кийин аталган жайдын администратору чыгып, милиция кызматкерлеринин саунанын ичине кирүүсүнө тоскоолдук кылган. Тоскоолдуктар менен саунанын ичине кирген милиция кызматкерлери 40-50 жаштардагы европа улутундагы эркек адамдан өздүгүн тактоочу документтерин сураган. Бирок, өзүн агрессивдүү көрсөткөн жаран милиция кызматкерлерине кол көтөрүүгө чейин барган, ошондой эле ал алкоголдук ичимдик ичкен абалда болгон. Андан соң мас абалдагы адам Германиянын жараны, 43 жаштагы Т.Олег экендиги аныкталган. “Ал тынчтануу тууралуу бир нече жолу айтылган талапты аткарган жок. Андан соң нөөмөттөгү милиция кызматкерине кол көтөрүү менен погонун жулуп салды”, – деп айтылат маалыматта. Бул боюнча чара көрүлүп, Т.Олег республикалык наркология борборунан текшерүүдөн өткөрүлүп, Октябрь РИИБине камакка алынган.

Өздүгү такталбаган өлүм…
27-октябрь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Ковровшиков кварталынын №18 үйүндө саат 7:00дө азиат улутундагы, болжол менен 45-50 жаштагы арыкчырай келген эркек адамдын сөөгү табылган. Анын денесинде кыйнап өлтүрүлгөн белгилер болгон эмес. Мурунку күнү ал адамды аталган кварталда мас абалында көргөндөр болгон. Болжол менен ал Панфилов районундагы Кум-Арык же Орто-Арык айылында жашаган. Жайыл РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнөн билдиришкендей, ал адам селсаякка окшош эмес, сезонго ылайыкташып кийинген. Жинсы шым жана кара куртка кийип жүргөн. Анын жанында 100 сом жана 2 SIM карта болгон. Өзгөчө белгилери: сол кулагында кесик, муруту болгон. Милиция кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн аныктоого жардам бере тургандар 102 кызматына кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.

Чек ара бир түнгө жабылганбы?
Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына коюлган бомба тууралуу маалыматтан улам, убактылуу чек ара жабылган. Бул тууралуу окуяга күбө болгон адамдар маалымат жыйынын өткөрүп кабарлашты. Алардын билдиришине караганда жарылуучу зат тууралуу билдирүү казак тозотуна түшкөн. Анын негизинде “Кордай” өткөрмө жайы бир түнгө жабылган. Ал эми КРнын чек ара кызматынын билдиргенине караганда, бул маалымат жалган. Казак тарап “Антитеррор” окуу-машыгуусун өткөрүп жаткандыктан, көзөмөл-өткөрмө жайлар убактылуу жабылган.

Бетти даярдаган Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула