«Курманжан Датка» тасмасынын  4-ноябрда Лос-Анжелесте (АКШ) өткөн бет ачаары ийгиликтүү өттү, деп билдирди тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз АКИpress агенттигине.

«Көрсөтүү ийгиликтүү өттү. Зал көрүүчүлөргө толду. Биздин жердештерибизден 150-200 адам, Лос-Анжелестин кино өкүлдөрүнөн 200-250 адам келди, алардын арасында «Оскар» академиясынын өкүлдөрү жана «Алтын глобустун» мүчөлөрү болду», – деди Садык Шер-Нияз.

Америкалык актриса Шэрон Стоун тасма тууралуу эң жакшы пикирин билдирди, деп белгиледи ал.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага тасманын башкы продюсери Жылдызкан Жолдошева, актриса Элина Абай кызы жана Кыргызстандын АКШдагы элчилиги катышты.

Ошондой эле, тасманын продюсери Фархад Бекманбетов билдиргендей, «Курманжан Датка» 16-ноябрда Кореянын Сеул шаарында көрсөтүлөт.

IMG-20141105-WA0004

IMG-20141105-WA0011

IMG-20141105-WA0012

IMG-20141105-WA0017

IMG-20141105-WA0023

IMG-20141105-WA0019

IMG-20141105-WA0013

IMG-20141105-WA0002

Булак: Баракелде