учук1

Кургак учук ачык жана жабык формада таралган инфекциялык оору. Кургак учук сыз жерде жашаган жана тое тамак жебеген адамдарда көбүрөөк жолугат. Оору адамдын ар кайсы органдарында болушу мүмкүн, бирок көбүнчө өпкөдө орун алат. Андыктан, көбү билбей, өпкөнүн кагынышын кургак учук оорусу деп айтып жүрүшөт. Бул оору мээде, сөөктө же башка органдарда да болот. Адам алгач бул ооруга чалдыкканда жөтөлүп баштайт. Алсырап, кан басымы көтөрүлүп, тамакка табити тартпай калат. Учурунда дарыгерге көрүнүп, дарыланбаса, өтүшүп кеткен формасына жетет. Анда адам кан куса баштайт.

Бир жылда 5-6 миң адам кургак учук оорусу менен жабыркаары белгилүү. Бул бирок, катталгандары гана, катталбай жүргөндөрү 10 миңден ашат деп айтылат. Жакында ЮСАИД жана КАПС уюмдары АИВ жана кургак учук долбоору менен оорунун алдын алуу боюнча аутричтердин жардамы аркылуу Өзгөн районунун айылдарына акцияларды өткөрүштү. Буга катышып, суроолоруна жооп, кеңеш алган адамдар абдан көп болду. Бул иш-чара дарттын эл арасында кеңири жайылуусуна тоскоол болмокчу.

Сымбат МАКСУТОВА