Елена

Өтүп бараткан жылдын жаңы ачылыштарынын бири орус улутундагы Елена Черномазованын кыргыз тилиндеги жаңылыктарды эфир аркылуу алып чыгып жатканы болду. Кыргызча түш жоруган Еленанын кандайча КТРКга келип калганы тууралуу өзүнөн сурадык.

-Елена, өзүң медицина жаатында билим алып, бош убактыңда кесибиң боюнча иштеп да жатасың. А телеге кандайча келип калдың?

– Бул суроону мага көп беришет. Ооба, өзүм медициналык академиянын дарылоо иштери факультетинде 6-курста окуйм. Окуумдан сырткары кечкисин Улуттук госпиталда сырткы кызматчы катары тажрыйба топтоо үчүн иштеп келем. Ал эми жакындан бери КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кыргыз тилиндеги чыгарылышын алып барып жатам. Чынын айтсам, буга чейин теле тармагында иштеп калам деп такыр ойлогон эмес элем. Телеге келип калышым да капыстан болду. Жайында Кыргызстандагы жалпы окуу жайлар боюнча окуудагы жетишкендиктери үчүн үлгүлүү деп табылган студенттердин катарында Президенттик стипендияга татыктуу болдум. Ошондо айрым теле-радио, гезиттерге окуудагы жетишкендиктерим тууралуу маек курган элем. Анда менин кыргыз тилинде так сүйлөөрүмдү көпчүлүк билишчү эмес. КТРКнын кабарчыларына кыргыз тилинде сүйлөп бергенимди Султан Жумагулов агай көрүптүр. Ал кезде агай КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу эле. Ошондо агай мага “Кыргыз тилинде так сүйлөп, теледен да жакшы көрүнөт экенсиң. Кыргыз тилиндеги жаңылыктарды алып барып көрбөйсүңбү”, – деп мага сунуштады. Макул болдум. Алгачкы эфирден кийин эле көбүнө жагыптырмын. Ошентип иштеп калдым.

– Айрым кыргыздар өз тилин да жакшы биле беришпейт. Орус кызы болсоң да, кыргыз тилинде так сүйлөйт экенсиң. Кыргыз тилин кайдан үйрөндүң?

– Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлүп өстүм. Чок-Тал айылында 6-класстан тартып кыргыз мектептен билим алгам. Классташтарымдын баары кыргыз болгондуктан, алар менен кыргыз тилинде баарлашчумун. Өзүм да Кыргызстандын жараны болгон соң, тилин да билүүгө, сыйлоого милдеттүүмүн деп эсептейм. Айтор, бала чагымдан башка тилдер менен катар эле кыргыз тилин да жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө аракет кылып келгем.

– Канча тил билесиң?

– Кыргыз, орус тилдеринен башка дагы түрк, англис тилдерин билем. Канчалык көп тил билсең, дүйнөнүн эшиги сен үчүн ошончолук ачык делет. Андыктан, тилдерди үйрөнүү, окуу ашыкча эмес деп ойлойм.

– Ата-эне, бир туугандарың да кыргыз тилин билишеби?

– Биздин үй-бүлөдө кыргыз тилин мен эле билем. Ата-энем, бир туугандарым үйдө орус тилинде гана сүйлөшүшөт.

– Үй-бүлө, досторуң сенин телеге чыгып жатканыңды кандай кабыл алышты?

– Ата-энем, бир туугандарым, жакындарымдын баары сыймыктанып, мени алкап, мактап жатышат. Досторумдун арасында “кантип жетишип жатасың” деп таң калгандары да жок эмес.

– Күндүзү окуп, кечкисин ооруканада иштесең, чын эле эфирге чыгууга кантип жетишип жатасың?

– КТРКга чакырышканда, мен аларга окуудан сырткары иштээримди түшүндүргөм. Алар менин эки жумушту тең алып кетишиме макул болушкандыктан, атайын график түзүп алгам. Эфирге чыкпаган күнү ооруканадагы жумушума барам. Кызыгуу болсо, адам баарына жетишет.

– Окууну улантуу жагын ойлонуп жатасыңбы?

-Буйруса, ординатурага тап­шырууну пландап жатам. Анын ичинен анестезиолог-реа­ни­матолог жагын тандасамбы деп турам.

– Окууну бүткөндөн кийин медицина тармагында эмгек жолуңду улантууну каалайсыңбы же, алып баруучулукту улантасыңбы?

– Азырынча айта албайм. Негизи эле узак мөөнөттүү пландарды түзүп жашаганды жактыра бербейм. Убакыт-саатка жараша буйруганы болот деп жашап келем.

– Өтүп бараткан жыл сен үчүн кандай жыл болду?

– Быйылкы жыл менин жылым болду десем да болот. Ушул жылы мен үчүн күтүлбөгөн ийгиликтер көп болду. Маселен, окуудагы жетишкендигим үчүн Президенттик стипендия алдым. Илимий конференцияда стенддик доклад окуу боюнча 1-орунду багындырдым. КТРКнын жаңылыктарын кыргыз тилинде алып барып жатам. Ошондой эле быйыл жакшы досторду таптым.

Динар ТУРДУГУЛОВА