Чыныбай Тур

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду бир күн коштодук. Бул күн шаршемби болгондуктан, депутаттын бир күндүк ишинин басымдуу бөлүгү сессияга жумшалды. Ошентсе да, танаписте жер-жерлерден келген жарандарды кабыл алууга да үлгүрүп жатты. Кайсыл убак болбосун, кабылдамада 5-6дан кем эмес кезек күткөндөргө күбө болдук. Сырттан караганда “депутаттардын жашоосу жыргал” – деп айтылганы менен мыйзамдар, иш кагаздар менен тыным албай иштөө, жарандарды кабыл алуу, алардын көйгөйлөрүн чечүү, деги эле ушул сыяктуу иштер чарчатып коет эмеспи. Чыныбай мырзанын иш күнү эртең мененки саат 8:00дө Жогорку Кеңештин босогосун аттоо менен башталды. Алгач иш бөлмөсүнө баш багаары менен, жардамчылары, катчыларына тапшырма берип, алардын аткарылышы тууралуу пикир алышты. Андан соң, бир канча маанилүү иш кагаздар менен таанышып, аларга кол коюп жатты. Андан кийин, Жогорку Кеңештин 1-секторунун бөлүм башчысы Алымбек Мамасалиевди кабыл алып, мамлекеттик сырлар сакталган жашыруун документтер менен таанышып, кол койду.

Саат 9:30да Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына катышууга жөнөп кетти. Сессиядагы күн тартибиндеги биринчи маселе Юстиция министрлигине Өкмөт тарабынан сунушталган Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин карашты. Сессия учурунда Чыныбай мырза талапкерге кайрылып, экспертизадан улам соттук процесстер бир-эки жылдап созулуп кетип жатканын айтып, ушул багытка көңүл буруусун белгилеп, Жылдыз Мамбеталиевага ийгилик каалады. Сессия учурунда кыска танаписке чыкканда Ч.Турсунбеков элеттен келген адамдарды кабыл алды. Эл өкүлүнүн кабылдоосунда алыскы, тоолуу Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Маратбек Болотбеков болду. “Эки айылдан турган аты аталган айыл өкмөтүндө 3600 киши жашайт. Буга чейин көйгөйлөр болсо кайрылып келебиз, чечүүгө жардамдашып ар дайым кабыл алуусунда болобуз. Бул жолу Эчки-Башы айылында эскирген мектептин ордуна жаңы мектеп куруу маселеси менен кайрылып жатабыз. 1960-жылдары курулган мектепте учурда билим берүүгө мүмкүнчүлүк деле жок” деген М.Болотбековдун сөзүн уккан Ч.Турсунбеков аталган айылдарга жыл сайын жолугушууларга барып тургандыгын билдирип, мектептин акыбалы боюнча буга чейин да тийиштүү министрликтерге кайрылгандыгын айтып, бул маселенин үстүндө иш алып барып жаткандыгын маалымдады.

Убакыт учкан куштай зымырап, сааттын жебеси 12:30га жетти. Бул учурда башка жарандар түштөнүүгө жөнөп жатышты. Ал эми Чыныбай мырза, түштөнүүгө да убакыт болбой калаарын белгилеп, бул маалда Президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, өлкөдөгү бир канча маселелер боюнча талкуулар өтөөрүн айтып, саат 13:30да кайрадан кабылдамадан жолукмай болдук.

Ошентип, күндүн экинчи жарымында Чыныбай Турсунбеков Канаданын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Шон Стайлды кабыл алды. Фракция лидери Ч.Турсунбеков Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаалга токтолуп, Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолуна түшкөндүгүн баса белгиледи. Ошону менен катар Жогорку Кеңеш, анын фракциялары, парламенттик көпчүлүк коалициясы, тармактык комитеттер тууралуу учкай кеп кылды.

Элчи Ш.Стайл тоо-кен иштетүү боюнча тажрыйбасы мол Канада бул тармактын өзгөчө орду бар экенин, бул багыттагы стратегиялык программасын жаңылагандыгын маалымдады. Ошондой эле, Канада тарап “Кумтөр” долбоору менен алдыдагы парламенттик шайлоолорго маани бере тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, Кыргызстан менен экономикалык кызматташуу жаатында инвестиция тартуу маселелерин кошумчалады. КСДП фракциясынын лидери “Кумтөр” долбоору өлкө үчүн өзгөчө маселе экенин, коомчулук ар дайым бул маселеге көңүл буруп турарын белгиледи. Ага жараша башталган иш аягына чыгарылаарына, эки тарап бир бүтүмгө келе аларына ишеним артаарын айтты. Ал эми парламенттик шайлоолор алдыңкы технологиялардын жардамы аркылуу биометрикалык маалыматтар базасын түзүү менен ачык-айкын өткөрүлөөрүн” билдирди. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташуунун мындан ары дагы өркүндөтүү маселелерин талкуулады.

КСДП партиясы социалдык маселелерди чечүүнү алдыңкы планга коюшат. Жаңырган 2015-жылдан баштап КСДП фракциясы биздин өлкөдөгү медицина тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүнү максат кылууда. “Ден соолук шаарчасы” аттуу жаңы долбоор боюнча фракция лидери Ч.Турсунбеков саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен пикир алмашты. Анда белгилүү болгондой бул жылдан баштап Бишкек шаарына чукул Чүй облусунун аймагынан жер караштырылып, варианттар каралууда. Анда жеке жактар менен мамлекеттин өнөктөштүгү аркылуу заманбап үлгүдөгү “Ден соолук шаарчасы курулат”. Негизгиси бюджетке кыйынчылык келбейт. Чет элдик жеке инвесторлордун жардамы менен курула турган бул шаарчаны куруунун дагы бир себеби лидердин айтымында, акыркы учурда чет өлкөдө операция кылдыруу талабы күчөй баштады. Чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн күн сайын маалыматтар тарап, бизге да жардам сурап кайрылгандар көп, ошондуктан бул долбоор комплекстүү ишке ашат. Чет өлкөдөн келген алдыңкы адистер биздин мыкты кадрларыбыз менен бирге жаңы дарыгерлерди даярдашат. Калктын аярлуу катмары үчүн атайын социалдык пакеттер болот. Ал жерде жалаң эле байлар эмес, биздин карапайым жарандарыбыз да дарылануусуна шарт түзөбүз. Биздин фракция негизинен ушул иштин үстүнөн билек түрө кириштик” – деди.

Кеч кирип калса дагы, кабылдамада күтүп турган адамдардын саны азайбады. Алардын бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиевди кабыл алды. Жолугушууда улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, түштүк аймагындагы көп улуттуу элдерди ынтымакка чакыруунун айланасындагы маселелер талкууланды. Андан соң депутаттын кабылдамасында Балыкчы шаарынан келген 80 жаштагы Кенжебүбү Түлөбаева болду. 35 жыл бою мектепте математика сабагынан мугалим болуп иштеген эжей К.Түлөбаеваны персоналдык пенсия боюнча маалымат, дегеле сыйлык берүү тартиби боюнча суроолор кызыктырып келиптир. Эл өкүлүнүн жардамчысы анын суроолору боюнча тиешелүү тараптарга телефон чалып тактагыча, апа Ч.Турсунбековду жакында Балыкчыга бей-бечараларга көмүр таратып жолугушууга келгенде биринчи жолу көрдүм. Анан телевизордон ата-энесине арнаган ырын окуп жатканда көрүп калдым, ыр да жазат тура. Карапайымдыгы жакты, айылда өсүп, биздин көйгөйлөрдү жакшы билет экен”-деп алкап отурду. Бул учурда, Ч.Турсунбеков К.Түлөбаеванын маселесин көзөмөлүнө алаарын билдирип, байланышта болуп турарын белгиледи.

Кабылдамадагы элдин аягы суюлганда гана депутат социалдык тармактагы жаңылыктар, коомдогу окуялар менен таанышып жатты. Бир канча маалымат сайттарынан жаңылыктарды окуп, гезит беттерин барактап отурду. Бул учурда эшикте караңгы кирип, саат 20:00гө чукулдап калганда гана жардамчы, катчылары менен эртеңки күндөгү иш пландары, кабыл ала турган жарандарды тактап, бир күндүк ишин жыйынтыктады.

Максат ИСАБЕКОВ