КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаменти тарабынан бир жылда 26 объектиде оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлдү
КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаменти тарабынан 2014-жылдын он эки айынын ичинде 26 объектиде оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Анын ичинен Ош облусу боюнча 9 объект, Баткен облусу боюнча 9 объект жана Жалал-Абад облусу боюнча 8 объект.
Натыйжада 2,614 км коргоочу дамбаларды куруу, 6 даана унаа өтүүчү көпүрөлөрдү куруу, 1 даана жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү куруу, 1 даана суу топтоочу бассейнди тазалоо, 1 даана сел өткөрүүчү өткөөлдү куруу, 0,482 км сел өткөрүүчү канал куруу, 1 даана сел тосмооочу курулма куруу, 1 даана суу бөлүштүрүүчү курулма курулуш жумуштары аткарылды.
2014-жылдын жасалган иш-чараларынын жыйынтыгында 7301 кожолук жана 388 га айыл чарба жерлери сел сууларынан сакталды, айылдардын арасындагы байланыш калыбына келтирилди, социалдык-маданий керектелүүчү объектилер (4 мектеп, 1 оорукана) жана мүрзөлөр (1 даана), 1 ФАП, 1 насостук станция, жөө адамдар өтүүчү көпүрө (1 даана) корголду. Ошондой эле, мындан тышкары да көптөгөн коргоочу иш-чаралар жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Регионалдык департаменти тарабынан 2014-жылга белгиленген план 106%га аткарылды.
Комментарий кошуу