айдаралиев Жалал2- Айдаралиев Жалал- айдаралиев Жалал1-

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын  айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Жалал-Абадда айыл чарба адистеринин катышуусундагы кеңешме жыйынга катышты деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Облустун айыл чарба тармагынын жооптуу адистери, райондордун акимдеринин биринчи орун басарлары, райондордогу агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышкан кеңешме жыйындын ишин өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

Жалал-Абад облустунун жазгы талаа жумуштарына карата көрүлүп жаткан даярдыктары жана кошумча колдоолорду талап кылган көйгөйлүү маселелер боюнча өкүлчүлүктүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев атайын маалымат жасады.

Анда маалым болгондой,  жаздык айдап себүү жумуштарына буудай, арпа үрөндөрү жана пахтанын чигити жетиштүү камдалбагандыгы белгиленди. Айыл чарба эгиндерин кошумча азыктандырууга 40951 тонна минералдык жер семирткичтер иштетилүүсү керек болсо, азыркы мезгилде болгону 6832  тонна  жер семирткичтер камдалып, жылдык керектөөнүн 17 пайызы гана камсыздалган. Мындан сырткары Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы 30 миң гектар аянттагы чегирткелердин уруктары ташталган аянттарга химикалык уу-заттарды иштетүүдө өкмөт  тарабынан эртерээк иштетүү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүлсө жана жеңилдетилген кредиттер боюнча быйылкы жылы кандай иштер болот деген сунуштар министрге кабыргасынан коюлду.

-Жер салыгын 3 эсеге чейин көтөрүү жагы чечилди. Жер салыгын айыл аймактары өздөрүнүн муктаждыктары үчүн иштетишет. Буга чейин  1 га жер салыгы 342 сом болсо, быйылкы жылдан баштап 1000 сомго чыкты. Азыркы күндө КРнын Өкмөтү тарабынан атайын фонд  ачылып, материалдык резеврдер тарабынан акча маселеси толугу менен чечилип Өзбекстан жана Казакстан тараптар менен жер семирткич маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр Кыргызстанда жеке ишкерлер тарабынан 36 миң тонна жер семирткичтер даярдалган.

Айыл чарба техникалары менен шаймандарын сатып алуу боюнча 70 млн. доллар ажыратылып, лизинг компаниялары менен техникалык кредиттер 7 жылга 7 пайыздык  төлөмдөр менен берилет. Мунун ичинен 40 млн. евро Польша мамлекети тарабынан берилет. Алардын койгон шарты боюнча 55-60% Польша өндүрүшүнөн чыгарылган гана  айыл чарба техникалары менен шаймандары  кредитке берилет.

Жыйындын жүрүүсүндө КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиевге кеңешменин катышуучулары тарабынан бир катар суроолор берилип, аларга канааттандырарлык жооптор берилди.

-Быйылкы жылдын 9-майынан бажы союзуна толук кандуу мүчө болуп киребиз. Ага киргенден кийин өзүбүз өндүргөн айыл чарба азык түлүктөрүнө болгон сертификаттык суроо-талаптар өсөт менен лабораториялык суроо-талаптар артат. Азыр Россия тарабынан колдоо катары көрсөтүлгөн фонддун эсебинен  лабораториялык анализдерди чыгаруучу борборлорду куруу  иштери жүргүзүлөт. Кыргызстанда «Ветеринария жөнүнө» атайын мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык ар бир адам жана фермер өзүнүн кармагындагы малдарын эмдөө иштерин өз ыктыярлары менен  жүргүзүүсү каралган. Малдарды идентификациялоо боюнча иш-аракеттерди өз алдынча атайын мамлекеттик ишкана жүргүзүүгө тийиш. Сугат тармактар ишканалары менен токойчулардын эмгек маяналары быйылкы жылдын экинчи жарым жылдыгында көтөрүлө тургандыгын КРнын финансы министри Ольга Лаврова өзү ММКларга кабарлады,–деди КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев.

Министр иш сапарынын алкагында Сузак районундагы бир катар фермерлердин иштери менен таанышып, айрыкча күнөсканалардагы  дыйканчылык иштердин жүрүшү менен кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

    Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу