айдаралиев1

Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, Кытай энергетика департаментинин, “China National Complete Engineering Corporation (CCEC) корпорациясынын жетекчиси Ли Ляньчао менен жолугушту. Жолугушуунун максаты, Кыргызстандан товарларды түздөн-түз Кытай мамлекетине импорттоо. Ли Ляньчао өз сөзүндө Кыргызстанга биринчи жолу келгендигин белгилеп, ошол эле убакта айыл чарба багытына көп көңүл бураарын айтты. Импорттоло турчу негизги товар беде. Учурда Кыргызстанда бедени иштетүүчү атайын каражаттар жок болгондугуна байланыштуу министр, Кытай менен бирге иш алып барып калсак, алар Кыргызстанга техникалык жабдуулары менен келээрин белгилеп өттү. Ошол эле учурда дыйкандарга техникалык жабдуулук бир топ жеңилдик берээрин да айтты. Кытай элчилиги убакыттан пайдаланып, Кыргызстандын Айыл Чарба жана мелиорация министрлигине тиешелүү бардык тармактарын терең изилдөөгө даяр экендигин билдирди.