Абулгазиев

Өлкөдө пенсия менен камсыздоо системасы дагы да бекемделет. Бул боюнча мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев КР социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алганында тапшырма берген. Пенсионерлердин кээсинин категориялары эске алынса, айрымдары камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизинде пенсияга чыгышкан. Пенсия менен камсыздоону өнүктүрүү системасы тууралуу даярдалып жаткан концепциянын долбоору жана андагы өзгөртүүлөр кандай жыйынтыктарга алып келээри туурасында Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев менен маектештик.

– Мухамметкалый Дүйшөкеевич, жакында эле өлкө башчы А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Соцфонддогу бир катар маселелерди талкууга алдыңыздар. Пенсия менен камсыздоону өнүктүрүү жана бекемдөө, пенсия системасына өзгөртүү киргизүү демилгесине токтолсоңуз.

– Бүгүнкү күндө тең салмактуу пенсия алууда көйгөйлөр көбөйдү. Мисалы, союз мезгилинде жана андан кийин да пенсия жаш курактары жогорулап, кайра төмөндөп турган учурлар болгон. Ошондо кээ бир категориялар эске алынбай калган. Андан сырткары, айрым жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн аз төлөп, пенсияга чыкканда жогорку деңгээлдеги пенсия каражатын алышат. Тагыраак айтканда, төлөнгөн пенсиянын өлчөмү жарандардын пенсияга чыкканга чейинки төлөгөн каражатына байланыштуу болушу зарыл. Кыргызстандын пенсионерлери өздөрүнүн салымына жараша пенсия алууга укуктуу. Ошондуктан, жарандардын жеке салымына жараша адилеттүү системаны жаратуу – учурдун талабы. Алардын өз келечегине кошкон салымдарына ылайык татыктуу өлчөмдөгү пенсия алуусуна шарт түзүп берүүгө тийишпиз. Демек, көбүрөөк төлөгөндөрдүн каражаты башка категориядагы жарандарга бөлүштүрүлүшүн жоюу концепцияда каралууда. Тагыраак айтканда, адамдардын пенсияга чейинки салымын башкаларга бөлүп берүү укуктук жактан туура эмес.

– Жеңилдетилген пенсия курагына кандай өзгөртүү киргизилип жатат?

– Бүгүнкү концепцияда пенсияга чыгуу курагы мурункудай эле калат, эркектер 63 жаш курагында, аялдар 58 жашында пенсияга чыгат. Концепцияда негизги иш-чаралардын бири – жеңилдик берилген пенсионерлердин кээ бир категориялары үчүн пенсияга чыгуу курагын жалпы пенсия курагына шайкеш келтирүү. Мурун, жалпы пенсиялык курак этап-этабы менен көтөрүлгөндө, кээ бир категориялардын жеңилдетилген курагы өзгөрүүсүз кала берген. Пенсиялык курак боюнча жеңилдик берилген жарандар 5-10 жылга эрте пенсияга чыкса, жалпы пенсиялык курак 3 жылга өскөндө бул категориялар үчүн пенсияга чыгуу курагы өзгөрүүсүз калып, баштапкыга салыштырмалуу 8-13 жылга чейин өсүп, эрте пенсияга чыккан. Пенсиялык курагы боюнча өзгөрүүлөр бийик тоолуу шартта жашаган кыргызстандыктарга, бийик тоолуу шартта жашаган көп балалуу энелерге этап-этабы менен 3 жыл аралыгында 3 жылга жогорулатуу каралууда.

– Мухамметкалый Дүйшөкеевич, жаңы концепцияга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарын оптималдаштырууга болобу?

– Бүгүнкү күндө пенсия төлөө учурунда үстөк акы алгандар бюджеттен ири көлөмдө каржыланууда. Мисалы, персоналдык пенсионерлерге жылына жалпысынан 300 млн. сом сарпталат. Эгерде, персоналдык пенсияларды кайра карап чыгуу сунушу кабыл алынса, мамлекеттин бюджетинен бир топ каражатты үнөмдөөгө жетишебиз.

Ошондуктан, жаңы концепцияда ар түрдүү категориядагы үстөк акыларды кайра карап чыгуу сунуш кылынууда. Маселен, тоо-кен тармагында оор иштерди аткарган жарандар өзгөчө шахтада, жер астында иштегендер эч кандай үстөк акы албай пенсия алгандыгын айтышат, ошол эле мезгилде кээ бир мамлекеттик кызматта эмгектенгендер үстөк акы жана персоналдык пенсия алып келгендигин салыштырышат. Андыктан, бул жагын караштырууда да адилеттүү чечимге келебиз деп ойлойм.

– Өткөн жылдын жыйынтыгы кандай көрсөткүчтү берди?

– 2014-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдөгү төмөнкү пенсия алуучулардын пенсиясынын орточо көлөмү 4600 сомго жеткирилди. Акыркы 12 айдын жыйынтыгында республикадагы 590 миң пенсионерге 32 млрд. сом пенсия төлөнүп берилди. Адаттагыдай жыл сайын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандарга жеке эсебиндеги болжолдуу пенсиясы менен тааныштыруу максатында, маалыматтарды конверт түрүндө таркатып келет. Мындай жеке маалыматтар жарым миллиондон ашуун төлөөчүнүн дарегине жиберилди. Мындан тышкары өткөн жылы 3 млрд. сомго жакын топтоо компонентинин каражаты инвестицияга жумшалып, андан түшкөн киреше 650 млн. сомго жетти. Ушул эле пенсиялык топтомо фондунан 20 миң пенсионерге 90 млн. сом кошумча каражат төлөп бердик.

– Айтсаңыз, көптөн бери пенсия тутумунун айрым бир бөлүгүн жаңылоодо концепция долбоорун ишке киргизебиз деп максат кылып келесиздер. Деги ал кандай жаңылануу жана буга эмнелер себеп болду?

– Эмгекке жарамдуу калкыбыз айыл чарба жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу секторлорунда 40% жараныбыз эмгектенишет. Бул жарандар үчүн уюшулган секторго салыштырмалуу жеңилдетилген тарифтер колдонулуп келет, ошого карабастан, алар төлөөгө шашылбайт. Албетте, бул секторлордо эмгектенген жарандарды уюшулган сектордо эмгектенгендер менен теңөөгө болбойт. Анткени, уюшулган сектордо кызматкер өз айлык акысынын 10%ын камсыздандырууга жумшайт, ал эми калган чоң бөлүгүн, 17,25%, ал үчүн анын иш берүүчүсү төлөйт. Ошондуктан уюшулган сектордо эмгектенгендердин пенсиясынын өлчөмү ар дайым ошол төлөмдөрүнө жараша башка секторлорго салыштырмалуу жогору болууга тийиш. Ал эми айыл чарба секторунда эмгектенген жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандардын пенсиясы жеңилдетилген тарифтерине жараша пенсиясынын өлчөмү да кыйла төмөн болот. Мындай жагдайда бир гана бизде эмес, бул дүйнө жүзүндөгү бардык пенсиялык системаларына таандык көрүнүш. Эң оболу жарандарыбыздын пенсиялык системага болгон көз карашын, пенсиялык камсыздандыруу жөнүндөгү билимин жогорулатуубуз керек. Албетте, бул бир күндүк иш эмес, ушул багытта ММК аркылуу маалыматтык иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Ал эми бул өзгөрүүлөрдө негизинен жогоруда айтылып келген айыл чарба секторунда иштеген жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандарга болгон тарифтик саясатты өзгөртүү маселеси каралган. Анткени, бардыгын азыркыдай калтырсак, келечекте алардын пенсиясы эч нерсеге арзыбаган каражат болуп калат. Мисалы, бүгүнкү күндө айыл чарбасында иштеген жаран пенсиялык камсыздандырууга айына болгону 30 сом төлөсө, өзүн-өзү иш менен камсыз кылуучу ишкер орто эсеп менен 400 сом төлөйт. Ошол эле учурда уюшулган сектордо иштеген кызматкердин пенсиялык жеке эсебине айына орто эсеп менен 2000 сомдон ашык каражат түшүп турат. Демек, келечекте мамлекеттик пенсиялык мыйзамга ылайык, бул категориядагы төлөөчүлөрдүн пенсияларынын ортосундагы айырмасы да салымына жараша болот.

Ушул сыяктуу пенсиялык системанын оор көйгөйлөрүн чечүү максатында, учурда Соцфонд тарабынан өлкөнүн пенсиялык системасынын мындан аркы өнүгүүсү боюнча Концепциясы иштелип чыкты. Бул концепциянын алкагында пенсиялык система адилеттүү жана жетиштүү пенсияларды камсыздоосу боюнча өз сунуштарыбызды киргиздик. Биз мындай реформа менен дароо эле тарифтерди көтөрөбүз же жеңилдиктерди азайтабыз деп жаткан жокпуз. Болгону пенсия алуучулардын укугун теңдештирели деген максатты көздөдүк. Өзүңүздөр баамдагандай, көп төлөгөн жарандар пенсия убагы келгенде аз алып калышат, албетте, анан коомчулук тарабынан бул маселенин адилетсиздиги баса белгиленет. Мына ошондуктан, жогоруда айтылган жүйөлөрдү эске алып биргелешип, жети өлчөп бир кесип, жаңы өзгөртүүлөрдү киргизгени турабыз.

– Коомчулуктун колдоосу болдубу?..

– Негизи эле, биз бул документти даярдоодон мурун эл кыдырып, карапайым калктын оюн билели деген максатта жер-жерлерде талкууларды уюштуруп, анализ жүргүздүк. Жыйынтыгы жаман эмес, тескерисинче элибиз пенсия маселесин түшүнө баштады. Албетте, коомчулуктун басымдуу бөлүгү колдоду.

 Маектешкен Асел Барыктабасова