Динара-Акулова

Эстрада жылдызы, КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен учкай маектештик.

– Динара айым, адам баласы үчүн бир келген жашоодо өз кызыкчылыгы өйдөбү же инсандык милдетпи?

– Адам үчүн ар качан адамгерчилик, боорукерлик, сый-урмат биринчи орунда туруш керек. Өз кызыкчылыгын алдыга коюу – өзүмчүлдүк. Мындай терс сапаттардан оолак болуп, адам бойдон калыш үчүн бийик касиеттерге ээ болуу зарыл деп эсептейм. Анткен менен адам жаңылбайм деген учурда да жаңылат, бүт баарын туура кылдым деген учурда да тиги дүйнөгө кетип баратканда ушуну туура эмес кылыптырмын деп өкүнүп кетет экен. Негизгиси, адамдык аруу жолдон адашпай жашаганыбыз дурус го.

– Атактуулугуңуз жеке жашооңузга терс таасирин тийгизеби?

– Өкүнүчтүүсү, кээде айлана-чөйрөдө болуп жаткан мен жөнүндөгү ушак сөздөр, терс көз караштар жеке өзүмө эле эмес, үй-бүлөмө да терс таасирин тийгизген учурлар болот. Бул нерсе мага эле эмес, чыгармачыл чөйрөдөгүлөрдүн баарына таандык. Анын натыйжасында кыйынчылыктар да жаралат. Ага чыдабай, көптөгөн таланттар башка кесиптерге ооп кетишет. Баарына бирдей жагыш өтө кыйын нерсе экен. Мен деле адаммын, ар кандай жагдайлар болот. Чынымды айтсам, кээде негизсиз айтылган ушак-айыңдардан тажап, түтпөй да кетем.

– Кыргыз элинде аял затына карата айтылган “Аял жакшы, эр жакшы”, “Энесин көрүп, кызын ал” деген сыяктуу макал-лакаптарга көз карашыңыз кандай?

– Жаш кезимде көп балалуу болсом деп тилечүмүн. “Эжени көрүп сиңди, аганы көрүп ини өсөт” дегендей, үйдө канчалык көп бала болсо, бири-бирин көрүп түздөнүп, биринен экинчиси тарбия алып чоңоюшат экен. Кыздарымды өзүм элге кызмат кылып жүрсөм дагы эч нерседен кем болбосо экен деп, көздөрүн карап чоңойттум. Айтылган макалдардын бардыгы турмуштук тажрыйбалардан алынгандыгына ишенем.

– Эл назарында жүргөндөр белгилүү кишилерден куда-сөөк күтүүнү каалап, балдарын мажбурлап үйлөндүрүшөт. Сиз адамдын материалдык абалына карап турмуш куруусуна кандай карайсыз?

– “Алыбай алына жараша” деген кеп бар. Анын сыңарындай, тең-теңи менен турмуш курганы жакшы. Антпесе, турмушта кемсинтүүлөр орун алып, анын акыры уруш-талаштарга алып келиши ыктымал. Уул болобу, кыз балабы, сүйдүм деп эле ата-энени кыйнай берген да туура эмес. Ата-эне эч качан өз баласын жаман болсун дебейт.

– Үй-бүлөнүн бекемдигин сактап калган эң башкы себеп эмнеде?

– Ыймандуулук, улуу-кичүүгө болгон сый-урмат, токтоолук, сабырдуулук үй-бүлөнү бекемдейт.

 Нуржан Иманбаева