космонавт1           Космоско учкандарды ар бир өлкөдө өздөрүнчө башкача аташат. Алсак, Россида космонавт, Америкада астронавт, Кытайда тайконавт деп коюшат. Дүйнө жүзүндөгү эң биринчи космонавт аял  Валентина Терешкова 1963-жылы космоско учса, андан 20 жыл өткөндөн кийин – 1983-жылы америкалык биринчи астронавт аял Салли Райд да ал жакка барып келген. Ал эми Кытайда космоско уча турган аялзатына сөзсүз күйөөсү болушу керек деген талап катуу коюлат. 2012-жылы  Кытайдын “Tiangong 1” орбиталык модулунда он эки сутка жашап-иштеп  келген кытайлык биринчи тайконавт аял Лю Ян космостон кайтып келгенден кийин балалуу болгон. Демек, ал жакка  учуунун балалуу болууга эч бир тескери таасири жок экендигине көздөрү жеткен кийин эми аны экинчи ирет космоско жөнөтүүгө  даярдай башташты. Ошентип, эне болуу вазийпасын тайконавттык иш-милдет менен айкалыштырууга боло тургандыгына ишеним пайда болуп олтурат.

Таалайбек ТЕМИРОВ