Чой1     Бүгүн, 19-февралда Жалал-Абадда Түштүк Кореялык ишкер окумуштуу Чой Хо Квон  айыл чарба адистерине өзүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүнө кошумча азыктандыруучу  минералдык жер семирткичтери туурасында кеңири маалымат берди. Түштүк Кореяда минералдык азыктандыруучу жер семирткичтерди чыгарган «Калпия Кей Джи» компаниясы өткөн жылдын март айында Кыргызстанда өзүнүн ишин баштап, бизде органо-минералдык жер семирткич өндүрүүчү завод ачкан. Аталган компания жетекчилиги Кыргызстанга 5 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция тартуу милдетин алган.

-Биздин башкы максат дыйкандар биз чыгарган жер семирткичтерди иштетүү менен өзүнүн ден соолугуна, жерге, өсүмдүккө жана жаратылышка эч кандай зыян келтирбөөсү үчүн биз жер азыктарын ГМОсуз, экологиялык жактан таза кылып  чыгарууга жетиштик,- дейт  «Калпия Кей Джи» компаниясынын башкы окумуштуусу Чой Хо Квон.

Окумуштуу Чой Хо Квон Түштүк Кореянын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 28 жыл илимий эмгегин жана изилдөөсүн жумшаган белгилүү инсан. Натыйжада ал дүйнө жүзүнө кеңири тараган көптөгөн жер семирткичтерди жана агрохимикаттарды ойлоп  тапкан окумуштуу катары белгилүү. Кореялык окумуштуунун минералдык жер семирткичтери Кыргызстандын шартында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20-50 пайызга чейин көтөргөндүгүн аны иштетишкен дыйкандар белгилеп жатышат.

-Азыр биз Кыргызстанда минералдык органикалык жер семирткичтердин  4 түрүн гана чыгарып жатабыз. Келечекте анын түрүн 10-го жеткирүүнү көздөп жатабыз. Азыр жылына  100 тонна жер семирткичтерди чыгаруудабыз. Максатыбыз жылына 1000000 литр жер семирткичтерди чыгарууга жетишүү,-дейт  окумуштуу- ишкер Чой Хо Квон.

Жер семирткичти презентациялоонун жүрүүсүндө областтык айыл чарба тармагынын жетекчилери  жана адистери Түштүк Кореялык окумуштуу-ишкерге өздөрүн кызыктырган бир катар суроолорду беришти жана аларга канааттандырарлык жоопторду алышты.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу