Бактыбек Мамытов1

Ар дем алыш күндөрү мээримдүү жүзү, жайдары мүнөзү менен көгүлтүр экран аркылуу көрармандарга «Арноо концертин» тартуулаган белгилүү диктор, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытовдун ардактуу кесиби жана чыгармачылыгы туурасында “Эркин Тоонун” окурмандарына баяндап берүүнү туура көрдүк.

Акын же жазуучу болууну эңсеген

Кыргыз телевидениесинин мыкты дикторлорунун бири, коңур үндүү Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй боорундагы Ысык-Ата районунун Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Эне сүтү оозунан кете элек наристе кезинен чоң атасы менен чоң апасынын эрке небереси болуп, алардын колунда чоңойду. Кенедейинен зирек, сезимтал өскөн кичинекей Бактыбек башка балдардай оюнкараак, тентек болбой, оор-басырыктуу, мектепте да жакшы окуган бала эле. Анын бир гана досу – китеп боло турган. Күнү-түнү уктабай, ал тургай кызыктуу китепти окуп жатканда сабактан да калып окуп, айтор, көп убактысын китеп окуу менен өткөрчү экен. Ошентип жүрүп 13-14 жашынан анча-мынча түрмөктөлүп келе калган ыр саптарын кураштырып, көгүш дептерине жаза коюп да жүрдү. Бара-бара жазган ырлары такшала баштаганда, балалык аруу кыялында акын же жазуучу болууну тилек кылып, ал тилегин тээ көкүрөк түбүнө сактап келген. Бирок, тагдыр жазмышы аны өзү каалагандай акын же жазуучу кылбай, башка өнөр жолун аркалатты.

Диктор болуу Бактыбек аганын төрт уктаса түшүнө кирбеген. Анын түшүнүгүндө, акын, жазуучулар табигатынан акын, жазуучу болуп жаралып, дикторлор төрөлгөндө диктор болуп төрөлөт болуш керек деп ойлочу тура. Же болбосо диктор болуу үчүн жок дегенде өң-келбет, талант болуусу керектигин ойлогондо, өзүн ага таптакыр ылайыксыз деп эсептечү. Бирок, ичинен өзүнчө филология жагына окугусу келип жүргөндүктөн, Улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып өтпөй калып, кийинки жылы кайра эле ошол факультетке келип, айтор, 4 жыл катары менен тапшырып жүрүп, акыры өтөт. Ошентип, көксөгөн арзуусунун бирине жетип, студенттик доорду сүрө баштайт.

«Диктор менен алып баруучунун айырмасы эки бөлөк. Диктор – журналисттер даярдап, редакторлор тарабынан редактирленген текстти көркөм окуп, элге жеткирет. Эң негизгиси, атайын дикторлук талаптар бар: дикцияң – үнүң, келбетиң, мүнөзүң телеге же радиого жарашыш керек. Ал эми алып баруучулар – көбүнчө өздөрү даярдаган текстти эркинирээк, өзүнүн сөзү менен сүйлөп алып барганга аракет кылышат. Анан да техникалык ыкмаларды: суфлерду ж.б. пайдаланышат».

Тагдырдын бурулушу

Дикторлорду даярдап чыгарган бир дагы окуу жай жок эмеспи. Анын үстүнө диктор болуп калам деп ойлобогон Бактыбек ага окуусун бүтүп, журналистика жагына барууну максат кылган. Бир күнү окуу жайга радиодон журналисттер келип, студенттерден маек алып, кайсы бир программаны даярдап жүрүшкөндө, ал дагы маек берип калат. Ошондо анын сүйлөгөнүн, үнүн жактырышып, радиого барып туруусун айтып кетишет. Ошентип, радиого анча-мынча аралашып иштешип, болоор-болбос калем акы алып, эң негизгиси кухнясын өздөштүрүп жүрдү. Чыгармачылыктын түйшүктүү жолуна кадам шилтеген Бактыбек ага алгачкы практикалык кадамын дагы эле маданият тармагынын ардактуу кесиби – радио журналистикасынан баштады. Радиого келип-кетип, жеңил-желпи материалдарды даярдап коюп жүргөн окшош күндөрдүн биринде телевидениеде алып баруучулукка сынак жарыяланып жаткандыгын угуп, өз дараметин сынап көрүү үчүн ага катышат. Ал кезде теле алып баруучуларды, дикторлорду тандоо процедурасы өтө татаал жүргүзүлгөндүктөн, бардык жагынан төп келгендерин табуу кыйынга турчу. Ошол жылдары кыргыз телевидениесинде дикторлордун 30-40тай жоон тобу бар болгону менен алар жетишпей да калышчу. Анткени, ал кезде азыркыдай бардык эле журналисттерге эфирге чыгууга уруксат берилчү эмес экен. Ошентип, Бактыбек Мамытов дагы сынактан өтүп, ошондой тажрыйбалуу теле алып баруучулардын, дикторлордун катарында 4-курсунан тартып иштеп баштаган.

«Бала чагымда радиодон айтылуу диктор Капар Алиевдин үнүн угуп, анын сүйлөгөнүн туурап, өзүн көрө элек болсом да ошондой белгилүү диктор болсом деп самачумун. Мен телевидениеге келгенде ал киши оорудан улам дүйнөдөн өтүп кеткен экен»,- деп Бактыбек ага өз кумирин эскерет. Ал эми дикторлукка жаңыдан кадам койгон жылдары Азиз Ысмайылов, Бекташ Акматов, Зарыл Мамбеталиева, Гүлчайым Норузбаева, Тамара Бакиева, Абаз Чикеев, Жеңишбек Ашымов, Жолдубай Кайыпов ж.б. өңдүү залкар дикторлор менен чогуу иштешип, алардан таалим-тарбия алып, жөндөмдүүлүгүн, талантын дагы өркүндөттү.

Алгачкы жылдары эфир башталганда чыгып, маал-маалы менен телепрограммаларды тааныштырып, кийин «Жаңылыктар» программасын алып барууга өткөн. Бул бөлүмдө 25 жыл бою иштеп, көп ийгиликтерге жетишти. Бир гана аткарылбай калган тилеги – акын, жазуучу болбой калганы болбосо, дагы бир арзуусу орундалып, сүйгөн кесибинен баар таап, кесиптештеринин арасында сый-урматка, кадыр-баркка ээ болууга жетишти.

Үй-бүлөсү чоң таяныч болду

Адатта, «чыгармачыл чөйрөнүн адамдарынын жан дүйнөсү назик келет»,- дешет. Ошондуктан, алардын чыгармачылыгын колдоп, кеп-кеңеш берип туруу дагы маанилүү нерсе экен. Бул багытта Бактыбек Мамытовдун үй-бүлөсү анын чыгармачылыгына зор таяныч болуп, түшүнүү менен мамиле кылып келет. Анүстүнө аганын жубайы Жамиля эже экөө университетте чогуу окушуп, бир кесипти аркалашып, кийин радиодо да чогуу иштешти. Өмүрлүк жолдошунун 19 жыл радиодо режиссер болуп иштеп, азыр ардактуу эс алууда болсо дагы, үйдө олтуруп жан шериги, кеңешчиси, кыйын кезеңде жөлөп-таяган колдоочусу болуп, диктор катары ушул даражага жетишине бараандуу салымын кошуп келгенин Бактыбек ага жашырбайт. Ал эми балдары төрөлгөндөн баштап эле атасынын эфирде жүргөнүнө көнүп да калышкан, атасы менен сыймыктанышат.

«Теледе анча-мынча жасалмалуулук деле керек» дешет. Бирок, мен жашоодо мүнөзүм жумшак, эч кимдин көңүлүн оорутуп, катуу сөз айтпай, жасалма боорукерликти кыла албаганымдай, эфирде да жасалма шаңданып же кубана бербейм. Негизи эфирге чыкканда өзүңдүн кайгы-капаңды, көйгөйлөрүңдү эмоция аркылуу билдирбешиң, сездирбешиң керек. Сени сыналгыдан көргөн эл көңүлү ачылып, кадыресе эс алышы керек».

Ак эмгеги жерде калбады

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов эмгегине жараша ар кандай мамлекеттик сыйлыктардан да куру эмес. Айтсак, 1993-жылы «КРнын Эмгек сиңирген артисти» наамын алган. Өзүнүн айтымында, ал кезде азыркыдай «бул документти толтуруп кел, тигиге кол койдуруп кел» демей таптакыр жок болчу, ал тургай сыйлык алаар адам өзү алдын ала билбей туруп алышчу экен. Анын сыңарындай, Бактыбек ага да «Эл артисти» наамын алаарын билген эмес. Баарынан кызыгы, ошол кезде Бактыбек ага «Ала-Тоону» алып барууга даярданып жатса, директордун орун басары келип, «муну дагы окуп коюңуз» деп, кагаз сунат. Түз эфирден «Бактыбек Мамытовго «КРнын Эл артисти» наамы берилсин» деген Президенттин жарлыгын окуп алып, бети кызарганын эстейт. Андан кийинки дагы бир даражалуу сыйлыгы «Даңк» медалы, ага удаа 50 жашында «Кыргыз телевидениесинин отличниги» наамын алды. 60ка чыкканда Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

Динар Турдугулова