Чүйдүн жашоочусу коңшусунун тууганын таш менен чаап, натыйжада жабырлануучу каза тапты

Панфилов районунун жашоочусу мас абалында коңшусунун тууганын таш менен башка чаап качып кеткен. Жабырлануучу операция учурунда көз жумган. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 5-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында жергиликтүү милиция күзөтүнө “аймактык ооруканага башынан жаракат алган жаран түштү” деген маалымат келген. Жабырлануучу операция учурунда көз жумган. 26 жаштагы маркум Жаңы-Пахта айылынын тургуну болгон. Ал туугандарынын үйүнө конокко келип, бирок үйдө эч жок болгондуктан, маркум тууганынын коңшусу менен алкоголдук ичимдиктерди ичкен. Ортодон уруш чыгып, экөө мушташып, окуядан кийин кылмышка шектүү качып кеткен.

Учурда “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Булак: super.kg