токтом1

27-ноябрда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңеши 2015-жылы КМШ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик бийликтин органдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Кеңеш жыйынында шайлоолорго мониторинг жүргүзүүчү КМШ ПААнын атынан байкоочу топторду түзүү тажрыйбасы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. А.Жээнбеков кыргыз тараптын КМШ ПААнын атынан Кыргызстан парламентине өтүүчү шайлоолорго байкоочулар тобунун координаторун жөнөтүү жөнүндө өтүнүчү менен Молдова парламентине кайрылуу тууралуу КМШ ПААнын чечимин колдой тургандыгын билдирди.

Төрага демократиялык, таза шайлоолор – бул тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизи экенин белгилөө менен азыркы тапта Кыргызстанда шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди тизмектеди. “Шайлоо процессине заманбап технологияларды киргизүүгө багыт алынды. Кыргызстанда калктын биометрикалык маалыматтарынын бирдиктүү базасын түзүү активдүү жүрүп жатат. Дүйнөлүк тажрыйба калкты биометрикалык каттоого алуу системасын киргизүү шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун сапаттуу түрдө жогорулатып жатканын көрсөтүүдө. Жалпылап айтканда, фальсификация мүмкүндүгүн, экинчи ирет шайлоого кирүү практикасын колдонууну жана башка терс элементтердин келип чыгышын минималдаштырууга алып келет”,- дейт Төрага.

А.Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясын жана анын аймактык бөлүмдөрүн акыркы технологиялык жетишкендиктер – шайлоо күнүндө шайлоо системасына Кыргызстан жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын туташтыруу, электрондук эсептөө үкөктөрүн орнотуу, салынган бюллетендердин санын аныктоочу жана автоматтык түрдө чыгаруучу аппараттар менен жабдуу тууралуу маселелер иштелип жатканын маалымдады. “Биз көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында адилет, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенип жатабыз”,- деп өзгөчө белгиледи Төрага.

Жыйынтыгында А.Жээнбеков Кыргызстан 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго мониторингди толук кандуу жүргүзүүдө КМШга мүчө-мамлекттердин парламенттик делегацияларына баардык шарттарды түзө тургандыгын баса белгиледи.