4366
 29-ноябрь — салык жана бажы кызматтарынын, Социалдык фонддун жана Борбордук казыналыктын кызматкерлери үчүн иш күнү болуп саналат. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка КР өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев кол койду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.Чечим «КР өкмөтү жөнүндө» КР мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине жана КР Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынды. Мунун негизинде КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтарынын, КР Социалдык фондунун жана КРнын каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн, КР Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсация менен иш күн деп кабыл алуу чечими чыкты.

Буга катар эле КР Улуттук банкына, КРнын коммерциялык банктарына жана КРнын каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын банк-агенттерине ишемби, 29-ноябрды жумушчу күн деп жарыялоо сунушталды.