ант3- ант- ант1- ант2-

2014-жылдын 18-февралы  күнү Ош шаарында Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында күч түзүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусунда “АНТ-2015” аттуу телесынак өткөрүлдү.

Иш-чара жаштарды Ата-Мекенди сүйүүгө жана патриоттук сезимди ойготуп, гумандуулукка тарбиялоо максатында, 23-февраль – «Ата Мекенди коргоочулар» күнүнө карата «Ош Пирим» телерадио компаниясы тарабынан уюштурулду.

Сынакка жалпысынан 7 (жети) команда катышып, патриоттук ыр, шамдагайлуулук жана мекенди коргоодогу чеберчиликтери боюнча таймашышты.

КРнын ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын атынан улук лейтенант Кубанычбек Хабибуллаев жана лейтенант Манас Бекташов катышышты.

 Сынак жогорку деңгээлде өтүп, ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан лейтенант Манас Бекташов III-орунду багындырып,  Диплом жана 3000 (үч миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

 Ал эми улук лейтенант Кубанычбек Хабибуллаев “Көкжал мырза” наамына татыктуу болду.

Эске сала кетсек, күч түзүмдөрүнүн арасында бул сынак жыл сайын уюштурулуп келет.