Секимов1

Биз таластык болуп окууга жаңы баргандар Курманбек Нартай жана бизден бир курс мурда окуп жаткан көксайлык Капар болуп чогуу бир комнатада бир туугандардай болуп жашап калдык. Бизге жанаша бөлмөдө азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, академик Абдыганы Эркебаев, диктор Бактыбек Мамытов жашашчу. Иши кылып биз жашаган №7 жатакана азыр да көзүбүзгө жакшы көрүнөт. Жаштык студенттин жалын курагыбыз дал ошол жатаканада калды десем деле жарашат. Ошолордун бири арабызда аман болгондо быйыл 60 жашка толмок белгилүү кино ишмери Аскербек Секимов эле. Ал Талас шаарынын алкымындагы Козучак деген кыштактан окууга барган. Анын атасы өмүр бою мектептин географ мугалими, 25 жыл үзгүлтүгү жок Бүлкүлдөк орто мектебинин директору болуп иштеген адам болучу. Ар жемиши бышып жайнаган, булбулу бакта сайраган кереметтүү Бешташтын оозунда туулуп өскөн Аскербектин окууга киргенде эле таланты бар экени баарыбызга билинип калды. Анын мектепте жүргөндө эле бир блокнот бетин толтура жазып таштаган ырларын көрүп таң калган элек. Жаңы окуу баштаарыбыз менен эле арабыздан өнөр шыгы эрте ачылган азыр элге билим берүү министринин орун басары болуп иштеп жаткан окумуштуу Назаркул Ишекеев, Бактыбек Мамытов, Темирбек Осмоналиевге окшогон студенттер Ленин атындагы заводдун маданият үйүнүн алдында фантаст Беганос Сартов жетектеген “Тоо жылдыздары” адабий ийримине байма-бай катышып, баягы мектеп партасында отуруп жазган ырларынын багын ачканга жетишти. Ырлары талкуудан өтүп жаш калемгерлердин альманахына киргизилип жарык көргөнүнө баарыбыз чогуу күбө болгонбуз. Ал турсун ошол ийримге катышкан дагы бир курсташым Өмүрбек Караевдин өзүнчө жыйнагы китеп болуп басылып чыгып факультетти дүңүлдөткөн болучу.

1976-жылы баарыбыз аталган окуу жайды аяктап алдыбыз айылга агылсак, башкалары шаар чекелеп иштеп калышты. Аскербек ал кездеги “Кыргызстан” китеп басма үйүнө редактор болуп орношту. Ал бир бөлмөдө улуу акын Турар Кожомбердиев, акын Турдубек Элеманов менен чогуу отуруп иштеп калды. Редактор катары ага Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдыгына карата анын чыгармалар жыйнагын редакторлоо бактысы туш болуп, ал жерден улуу жазуучу менен таанышып, анын сунушу менен кыргыз кино үйүнө директор болуп дайындалат. Аны менен кошо кыргыз фильм киностудиясынын «Экран» журналына редакторлук жасап, алгачкы кино макалаларын даярдап басуу ишине киришет. Кийин ушундан таанылып, Кыргызтелевидениесинин «Кино меридиан» көрсөтүүсүнүн башкы редакторунун орун басары болуп иштеп, бүтүн Орто Азиянын мыкты кино ишмерлерин экранда чагылдырат. Ал турсун кино таануучу Каарман Ашымов менен биргеликте Айтматовдун чыгармалары кинодо деген китебине авторлош болот. Ушул ишинде иштеп туруп Кыргыз илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Азис Салиевдин жетекчилиги астында аспирантурада окуп, Айтматовдун чыгармалары боюнча кандидаттык диссертациясын жактаганга үлгүрбөй шум ажалга моюн сунуп калбадыбы. Анын бийик адамгерчилик сапатын ал кездеги диктор Сатыбалды Жээнбеков баалачу эле. Аны ал жердегилер кара молдо деп атап алышкан экен. Бүгүн ушул эки айкөл адамдар арабызда жок.

«Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерет»деп академик анын Аалы Токомбаев кезинде таамай эле жазып койгондой каарманыбыздын өзү жок, жаркын элеси менен калтырган эмгегин аргасыз эскерип отурабыз.

Жоомарт Бейшеналиев, Талас облусу