кодекс

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу тармагында мыйзамдарга ылайык келтирилген «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун өркүндөтүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.