БАКС

2014-жылы кен байлыктарды пайдалануу  укугуна лицензия  берүүдөн  бюджетке 6 млн. 569,8  миң  доллар түшкөн. Бул  сумма   2013-жылга  салыштырмалуу  дээрлик  6 млн. долларга жакын суммага көптүк кылат.  Тактап айтканда,   24 kg агенттигинин  маалыматы боюнча мурдагы жылы  кен байлыктарды иштетүүгө лицензия сатуудан   618  миң доллар гана түшкөн.   Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинин  директорунун орун басары  Уланбек Рыскуловдун билдирүүсү боюнча  өткөн жылы  16 обьект боюнча 8 аукцион  өткөрүлгөн.  Ошондой эле  аталган  мекеме 56 сот ишине катышып, анын көпчүлүгү кен иштетүүнү  лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын чечимдерин жокко чыгаруу  боюнча доо арыздарга байланыштуу болгон.

Б. Султанбекова