авария2- авари- авария1- авария-

2014-жылдын 29-декабрында саат 15:15 чамасында Кемин району, Бишкек-Торугарт жолунун 105-чакырымында “Мерседес-Спринтер” мамлекеттик №В 87-18 AR айдоочусу 1989-жылы туулган Азамат Жээнбаев. 24 жүргүнчүсү менен Чоң–Кеминге  бара жаткан. “Лексус-RX-300” үлгүсүндөгү автоунаа мамлекеттик № В99-99 ВО ээси Мелис уулу Насирдин. 4 жүргүнчүсү менен Бишкек шаарынан чыккан, бет маңдай (встречный) жолго чыгып, анын кесепетинен кагылышуу болгон. Лексустун жүргүнчүлөрү: 1942-жылы туулган Латипа Орозалиева, Кемин районунун Боролдой айылынын тургуну, кырсык болгон жерде каза болгон. 1967-жылы туулган Фатима Мусабаева, Боролдой айылынын тургуну, Кемин аймактык ооруканасында каза болгон. “Мерседес-Спринтер” унаасынан 16 адам Кемин аймактык ооруканасына жеткирилген. 8 адам жеңил жаракат менен өз алдынча үйлөрүнө кетишкен. Куткаруучулар тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн.