жусуев

2015-жылы Жоомарт Бөкөнбаев 105ке, Алыкул Осмонов 100гө чыгат. Биринчиси 34, экинчиси 35 жашында каза болгон. Бирок, экөөсү тең ушул курактарында кыргыз поэзиясын бийиктикке көтөрүп кеткен мыкты акындар. Ыраматылык Эрнис Турсунов жөнүндө:«Сөзү тиет ургандай кулак түпкө, капысынан күп этип кулап түшпө» деп жаздым эле. Ал дагы сексендин даамын татмак. «Алоолонуп күйгөн от көрсөм, алоолонуп кетет жүрөгүм, өмүрүмдө канча от көрсөм, ошончолук отту сүйөмүн»,-деп жазган жалындуу акын Жолон Мамытов тирүү болгондо 75 жылдык мааракесин белгилемек экен. Аттиң, аттын кашкасындай таанымал акындардын ак булут болуп кеткени өкүнүчтүү.

Жаш кезинде көз айнек тагынган кыздарга:

«Бир көрсөм деп асманда токтоп булут,

Кайра жылат көзүңдү жоктоп туруп.

Көз айнекти башкалар тагынышсын,

Сен тагынып эмнеге жаңылыштың»,-деп  тийишип жазып жүргөн эки ыр-романдын автору, акындык жагынан, адамгерчилик жагынан да жаштарга үлгү болгон Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуев 90 жашка, «Сен жөнүндө поэмасын» сексендин белине чейин бүтүрө албаган Омор Султанов, орус тилинде жазган аңгемелерин мейкинге оболотуп учурган Мар Байжиев 80ге чыгат. Кыргыз Эл жазуучусу, чыгармачылык эрөөлдө чыныгы бийиктикти багындырган Мелис Абакиров 75тин дабанынан желегин желбиретүүдө.

Кыргыз поэзиясында махабат ырларын эң бир бийик чокуларга жеткирген, сүйгөнүнүн оң бетин өпсө, сол бети кала бергенине түтөп күйгөн, чачтарын желден башка сылабаган кыздарга суктанган, кийинки кездери «жалгыздык» өлкөсүнөн үн салган Анатай Өмүрканов жетимиштин кырынан жентек ыр чачып турган учуру.

Келерки жылдагы маараке ээлерине мартабалуу өмүр, май айындагы жаратылыштай чыгармачылык ийгилик каалап кетмекчибиз.

   Карбалас  БАКИРОВ