каракол1Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата Караколдо ат оюндары өтүп, байгеге автоунаалар коюлат

7-8-ноябрда Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөрү пландалууда. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Каракол шаарынын борбордук аянтында облустун социалдык, экономикалык жактан жетишкендиктеринин көргөзмөсү жана айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулат.

Ошону менен бирге Каракол шаарынын ат майданында Жети аке кубогуна ат оюндары өткөрүлөт. Байгеге жеңил автоунаалар коюлат.

Айта кетсек, Кыргыз ССРнин Борбордук аткаруу комитетинин 1938-жылдын 11-мартындагы токтому менен Ысык-Көл округу түзүлүп, кийин СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1939-жылдын 21-ноябрындагы жарлыгы менен борбору Каракол шаары болуп, Ысык-Көл облусу кайрадан түзүлгөн.

Булак: super.kg