кочкү1

2014-жылдын 7-8-декабры күндөрү көп жааган кардын кесепетинен шамал болуп,  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Лаглан, Тээке айылдарына баруучу ички чарбалык жолдорунун айрым участкаларын кар күрткүсү  уруп, жабылып калган. Аталган ички чарбалык жолдорду кар күрткүсүнөн тазалоо үчүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2014-жылдын 9-декабры күнү саат 06:00 дө 1 даана Бульдозер бөлүнүп, КРнын ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Э.Исмадияровдун жетекчилиги менен жол жабылган аймакка  жөнөп кетти.