подро-

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл башкармалыгынын 2000-жылы туулган жашочусу, 8-класстын окуучусу, жашы жете элек өспүрүм кыз кош бойлуу экендиги белгилүү болгон. Бул тууралуу КР ИИМдин ОШ шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси жергиликтүү милиция кызматына баланын атасын жазалоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жергиликтүү медициналык мекемесинин кызматкерлери ультра үндүү текшерүүнүн жыйынтыгын беришип, анда кыз 7 айлык  боюнда бар экендиги аныкталган.

Учурда Кара-Суу РИИБ тарабынан иликтөө иштери башталды.

Булак:  Turmush