лавина

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда 2014жылдын 28-ноябрында саат 03:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү болжол менен 1680м³ кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган.

Унаа жолду тазалоо иштерине ЖЭМ-26 ишканасынан 1 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, саат 14:30 чамасында, унаа жол бир багытка ачылган. Тазалоо иштери улантылууда.

2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна атайын буйрукка чейин убактылуу чектөө коюлган.

Мындан сырткары, 2014-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин катуу жааган кардын кесепетинен 70 см. кар түшүп, алдын ала алынган маалыматтар боюнча төмөндөгү айылдарга баруучу ички чарбалык  жол каттамдары жабылган:

Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылына баруучу 5 чакырым, Жыл-Көл айылына баруучу 2 чакырым ички чарбалык  жол.

Чалма айыл аймагына караштуу Буйга айылына баруучу 18 чакырым ички чарбалык  жол.

Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көңдүк айылына баруучу 9 чакырым ички чарбалык  жол.

Сары-Булак айыл аймагына караштуу Кылоожун айылына баруучу 3 чакырым, Кызыл-Булак айылына баруучу 5 чакырым, Терек-Саз айылына баруучу 6 чакырым, Конокбай-Талаа айылына баруучу 4 чакырым ички чарбалык  жолдор жабылган.

Ошондой эле Көңдүк жана Буйга айылдарында электр зымдары үзүлгөн.

Маалыматтарды жеринен тактап, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен КРнын ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов баштаган ыкчам топ Кара-Кулжа районуна кетти.

Кошумча маалымат берилет.