Областтын бюджеттик мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн 7 млн. 270 миң сом акча каражаты которулган. Ошондон улам үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата областтын билим берүү мекемелерине 1720, 8 тонна, саламаттыкты сактоо мекемелерине 428,5 тонна, маданият мекемелерине 62 тонна, чек ара кызматына 270 тонна көмүр түшүрүлүп, аталган мекемелердин көмүргө болгон муктаждыгы толугу менен камсыздалды.

Ушул тапта область боюнча көмүр сатуучу 63 пункт иштеп жатат. Алардан областтын калкына 28 миң 774 тонна көмүр сатылып, элдин көмүргө болгон керектөөсү 63 пайызга аткарылды. Калкка көмүр ташып келип, сатуу улантылууда. Областта 1 тонна көмүрдүн баасы 4200 сомдон 5200 сомго чейин болууда.

Тайгадан тапкан   жазуучулук өмүр

Ушул тапта 90го карап калган карыя жазуучу Бекмамбет Атакановду   адабият ышкыбоздору кыргыздын Мамин-Сибирягы катары билишет. Анткени анын алыскы Шибердин тайгасындагы адамдардын өмүрү туурасындагы «Тайгадагы өмүр» романы, Союз убагында көп тоскоолдуктарга учураса да, айрым басылмаларда үзүндүлөр менен басылган.

Союздун убагында, кылкандай жаш кезинде куру жалаага кабылып, ак жеринен абакка кесилип, Шибердин тайгасында жигиттик өмүрүн өткөрүп, түбү кыргыз саналган шор элинин кызына үйлөнүп, үй-бүлө күткөн, кийин күнөөсүнөн акталган автордун, мына ошол эстен кеткис өмүр жолу туурасындагы «Тайгада калган өмүр» романынын эки тому жакында Бишкектеги «Улуу тоолор» басмасынан жарык көрдү.

Таластын Миң-Булак айылында байбичеси, бала-чакасы менен бактылуу өмүр сүрүп жаткан карыя жазуучуга романынын эки томдугу аталган басмакананын областтагы өкүлү, жазуучу Токтогул Ибрагимов тарабынан тапшырылды.

Нуржигит Сейдалиев