calendar11

Өкмөттүн токтомуна ылайык, беш күндүк тартип менен иштеген ишканалар 1-январдан тартып, 7-январга чейин эс алышат. Ал эми кошумча дем алыш күндөр үчүн алдыдагы үч айдын үч күнүндө иштеп беришет. Алар:10-январь, 21-февраль ишемби күндөрү жана 23-март дүйшөмбү күнү жумуш күн болот. Өкмөттөн белгилешкендей, 21-март Нооруз майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, КР Эмгек кодексине ылайык, 23-март эс алуу күнү болушу керек эле.

Ал эми алты күндүк тартип менен иштеген ишканалар кадимкидей иштей беришет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА