дары

Кыргыз Республикасынын “Патент мыйзамына” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору  бүгүн, 3-февралда 2-окуу да Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин кезектеги жыйынында каралып, жактырылды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Галина Скрипкина, Дастан Жумабеков, Бахтияр Кадыров, Мурадыл Мадеминов. Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү даярдоонун зарылдыгы айрым дарылоо каражаттарынын түрлөрүнө баанын жогорулугу дарылоо каражаттарына калктын жетүү мүмкүндүгүн керектүү деңгээлде камсыз кыла албаган кырдаалдын пайда болушунан келип чыккан. Кырдаалдын пайда болушунун негизги себептери Кыргыз Республикасынын рыногун бир кыйла арзан генерикалык (түп нуска дары-дармектердин окшоштору) дарылоо каражаттары менен камсыз кылуу саналат. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, парламенттин жалпы кароосуна сунушталды.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА