28-номер

 

Дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда турган “Ислам мамлекети” уюму тууралуу түрдүү маалыматтар чыгууда. Ооганстандагы “Талибан” кыймылынан да коркунучтуу деп белгиленген бул уюмдун жетиштүү каражатка ээ экенин айтып, дүйнөлүк эксперттер коңгуроо кагышууда. Эксперттер жакынкы чыгышта болуп жаткан окуялар Борбор Азияга да өз таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилешет.

-Кадыр мырза, ИЛИМ деген кайдан пайда болду жана ким башкарат?

-ИЛИМ же “Ирак жана Левант ислам мамлекети”, мына ушундай деп өз алдынча мамлекет түзүп алгандар, дүйнөгө экстремисттик саясатын таңуулоодо. Булардын очогу жарандык согуш жүрүп жаткан, Сирияда түптөлүп, оппозициялык маанайдагы адамдардын тобунан куралган террористтик топ болуп саналат. 2006- жылы түзүлүп, акыркы жылдарга чейин каржы жактарын күчтөнтүп өз аракеттерин жүргүзүп келишти. Бир айга жетпеген аралыкта Иракты басып алышты. “Менин душманымдын душманы, менин досум”- деген принципти карманышат. Алар Ислам халифатын орнотобуз деген идея менен, өздөрүнүн максаттарын ишке ашырууну көксөшөт. Булар материалдык кызыкчылык жана күчтүү идеологиясы менен ислам дининин ичинен диний сабаты начар адамдардын баарын улутуна, динине, тилине карабастан өз үйүрүнө кошуп алышууда. “Ислам мамлекети” уюму Такфризм идеологиясын карманат. Бул динсиздерди өлтүрүүгө негизделген террордук топ. Аалымдар алардын кадамдары шарияттын бир да эрежесине шайкеш келбей турганын эскертишүүдө. Ал тургай өлүм жазасы да соттун чечимисиз аткарылып булар тараптан жатат. Интернет бул идеологияны дүйнөгө кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Дал ушул каражат аркылуу айрым кыргыз жаштары аталган уюмдун өкүлдөрүнө ант беришкени тууралуу маалыматтар бар. Бирок, алардын саны азыр белгисиз. Дүйнөнүн саясий картасын өзгөртүп, ири мейкиндиктеги мамлекет курууну көксөгөн бул кыймылдын аракеттерин террорчу деп аталган Аль-Каида уюму расмий түрдө сынга алышы көп нерсени айтып тургандай.

-Кыргызстанды бул уюмдун коркунучунан кантип сактоо керек?

-Бүгүн диний сабаттын жетишсиздигинен улам жалган идеологияга ээрчип кеткен жарандар Кыргызстанда да бар. Мындай көйгөйдөн арылуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери абдан күчтүү болушу керек. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган бул идеологияга, Кыргызстандын Өкмөтү же УКМКнын аракети аздык кылат. Жалпы коомчулуктун жардамы зарыл. Булардын негизги куралы адамдардын аң- сезимин багындыруу болуп саналат. Себеби, булар адамдар менен тыгыз иш алып барышып, жан дүйнөсүн ээлеп алганга аракет кылышат. Ошондуктан адамдар алданбашы керек. Эң биринчи кезекте түшүндүрүү иштери жогорку деңгээлде болушу абзел. Азыр булар каржы жагынан көз карандысыз. “Таблиги жаамат” азырынча Кыргызстандын аймагындагы ИЛИМ идеологиясына каршы тура алган жалгыз күч. Терроризм менен күрөшүүдө идеология жеңет. Ирак Ислам мамлекетинин жана Левантанын зордукчул идеологиясы – дүйнөдө 3 жыл аралыгында эле чоң ылдамдык менен тарап жатат. Андыктан такфризмге каршы чыккан имамдардын, ислам окумуштууларынын жана серепчилердин коопсуздугун мыйзамдык деңгээлде бекитип бериш керек. Булардан реалдуу коркунуч бар. Кыргызстанда диний туруксуздук кайсы учур болбосун чыгып кетиши мүмкүн.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА