күйүүчү май1

Жакынкы күндөрү күйүүчү-майлоочу майларга баалар болжолдуу 8%га жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов  маалымат жыйында билдирди. Анын айтымына караганда, Орусияда нефтиге баалар өзгөрүлгөн, бул  жазгы-талаа жумуштарынын башталышы менен байланыштуу.

“Минималдуу баалар менен салыштырсак, анда, жакынкы күндөрү күйүүчү майлоочу майлардын баасы жогорулоосу күтүлөт, болжол менен 8%га, бирок 2015-жылы күйүүчү  майлардын тартыштыгы болбойт”, – деп билдирди М.Керимкулов.

Айнура Шайкеева