көмүр     Бишкек прокуратура менен биргеликте УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ЖЭБ үчүн көмүр сатып алуу учурунда “Электр станциялары” ААКтын адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. 2014-жылы “Электр станциялары” ААКга Бишкек ЖЭБге Ковак кенинен 400 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Тендер өз убагында өткөрүлбөй, мамлекетке карыздан улам көмүр сатып алууга өткөрүлө турган эки тендер өтпөй калган. Ушундан улам “Электр станциялары” ААК КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамын бузуп, “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз түрдө эки келишим түзүп, 892 млн. 500 миң сомго 350 миң тонна көмүр каралган. Келишимде көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 2 миң 550 сомду түзсө, башка ишканаларда көмүрдүн тоннасын 2 миң 350 сомдон болгон.

Антимонолдук көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда көмүр менен камсыздоодогу кирешелердин айырмачылыгы 50 млн. 440 миң 103 сомду түзгөн.

Коррупцияга каршы кызматтын материалдары боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу боюнча кылмыш иши козголду.

Айнура Шайкеева