Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Түштүк борборунун директору Калдарбек Абдраманов КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы кардиохирургу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда АКИpress’ке К.Абдраманов өзү тастыктады.

Анын айтымында, ошондой эле, КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин 11-ноябрдагы №612 буйругу менен саламаттыкты сактоонун ар кандай чөйрөлөрүндө башкы адистик кызматтарга 36 адам дайындалды.