Эко_Jorgo_TAXI12

жигиттер1

Бишкектин көчөлөрүндө Jorgo деген аталыштагы таксилер пайда болду. Мындай логотип менен чыккан фирма 2014-жылдын 1-октябрынан баштап иштей баштаган. Кээ бир такси кызматтары Улуу Жеңиш күнүнүн урматына арнап, белгилүү бир мөөнөткө чейин акцияларды өткөрүшүп, согуш ардагерлерин шаар ичинде бекер ташыйт. Jorgo такси алардан өзгөчөлөнүп, кайрымдуулук максатында согуш ардагерлерине жыл бою бекер кызмат көргөзүшөт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарыбызга  50% жеңилдиктер каралган. Бул тууралуу маалыматты аталган фирманын жетекчиси Рамил Беков билдирди.

Учурда Бишкек шаары боюнча минюсттан катталган 54төн ашык такси кызматын тейлеген фирмалар бар. Көчөдөн Hi-Fi, Намба, Удача,  Next, Вип, Эскорт, Time, Сити, Эконом ж.б. аталыштагы таксилерди учуратууга болот. Угушубузга караганда алардын айрымдарын чет элдик жарандар иштетишет.

Олтурсаң бекер деле олтура бересиң, бирок биздеги мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирбей, иштин көзүн билген эпчил адамдар ар кайсы тармакта эбин таап ишкерликтерин жүргүзүп, кыргыз жигиттери болсо, аларга кирип иштеп жатышат. Бул деген билинбеген, көмүскөдөгү кулчулук деген сыяктуу ой-санаалар Рамилди да ойго салган. “Ойчул ойлонгуча, тобокелчи тоо ашат” дегендей Рамил тобокелге салып, үч досу менен биригип, 4 бала Jorgo таксини ачышат. Рамилден башкасынын баары буга чейин башка фирмаларда таксист болуп иштеп, алардын суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн жигиттер. Мындайча айтканда бул тармактагы иштерди беш колундай билишет. Акча табуу гана максатын көздөбөй, такси маданиятын, деңгээлин көтөрүп, атына затын айкалыштырып, ишибиз жоргодой жорголосун деп ырым кылышат. Иштеп баштаганына 4 айдын жүзү болсо да, жетишээрлик санда өз кардарларын тапканга жетишти. Ак түстөгү окшош, үнөмдүү, салондору улуттук калоритте жасалган 7 унааны эко такси деп киргизишкен. Экологиялык жактан таза, себеби, бензин менен эмес, атайын орнотулган газ жабдуулары аркылуу жүргөндүктөн, абаны булгабайт. Бензинге караганда баасы 50-60%га арзан. Jorgo таксиге түшкөн адамга кыргыз улутунун жүзү көрүнүп, Кыргызстанда  жүргөнү сезилип, жагымдуу, жаркын маанай түзүлсө деп эңсешет. Атайын эко таксиге берилген унаалардын салондору улуттук калоритте жасалгаланган.  Келечекте өзүлөрүнүн атайын таксопарктары ачылса деген изги тилектери бар.

Ушул ишке айкалыштырып, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү максатында  Jorgo деген бренд менен кайыштан, жыгачтан буюмдарды жасаган усталарды колдоого алышкан. Алар аттын ээр-токумдарын, жаа, кур, камчы, боз үйлөрдү жасашат. Буюмдарды Кытай, Дубай сыяктуу өлкөлөргө сатууга, ал эле эмес Дубайдын борбордук соода түйүнүндөгү кыргыздын улуттук буюмдары сатылган бир бөлүмдүн атын Jorgo деп өзгөртөлү деген сунушу да канааттандырылган. Себеби, жоргочулар мындай логотип көп адамдарга жагат жана кандайдыр бир энергиясы бар деп эсептешет.

Ынтымактуу айдоочулардын жамаатын түзүп, ыймандуу болуп, ынтымакты ширетели, адамдар арасында жоголуп бараткан ниетти, пейилди оңдоого өз салымыбызды кошсок деп ниет кылышкан. Такси кызматы кооптуу иш. Түн ичинде жүрүүгө туура келет. Ар кандай адамдар түшүп калышы ыктымал болгондуктан, өздөрүндөгү атайын машыгуучу жайдан кызматкерлердин күн сайын спорттук көнүгүүлөрдү, дегеле  спорт менен машыгуусун талап кылат. Келечекте батирлеп жүргөн жарандарга Jorgo деген аталыштагы айылды курсакпы деген чоң максаттары бар экенин Рамил мырза жашыра алган жок.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА