Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков бензиндин баасынын кымбатташы боюнча парламенттеги коалициялык көпчүлүк өзүнө жоопкерчилик алышы керектигин айтып чыкты. Муну депутат бүгүн, 23-октябрда парламент жыйынында билдирип, жагдайды мисал келтирди. “Дүйнөдө күйүүчү майлардын баасы 30 пайызга арзандап жатса, Кыргызстанда 30 пайызга кымбаттады. Буга чейин күйүүчү майдын баасы менен доллардын курсу мынчалык көтөрүлгөн эмес. Бүгүн баа кескин көтөрүлүп кетсе да өкмөт жооп бере элек. Иштебесе, өкмөт отставкага кетсин”,- деди депутат.

бензинБулак: super.kg