Аалы карашев

Жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембиси жергиликтүү жамааттар күнү катары майрамдалып келет. Муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамынын алдында аталган тармакта кандай иштер аткарылып, кандай жыйынтыктар болуп жатканы туурасында Кадр кызматынын директору Карашев Аалы Азимович менен маек курдук.

– Аалы Азимович, өзүңүзгө белгилүү болгондой, бизде өлкөдө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен иштей турган мамлекеттик агенттик бар. Сиздердин өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып баруучу бөлүм ал агенттиктен эмнеси менен айырмаланат жана аткаруучу милдеттери кайсылар?

– “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө” Президентибиздин Жарлыгына ылайык, Кадр кызматына муниципалдык кызматты өнүктүрүү багытындагы айрым функциялар берилген. Алар: муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алуу, мыйзамга ылайык муниципалдык кызматчыларга класстык чиндерди берүү, муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо системасын түзүү, “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды жүзөгө ашыруу маселелеринде усулдук жетекчиликти жүргүзүү.

Мындай чечим мамлекет башчыбыз тарабынан муниципалдык кызматты өнүктүрүүнүн бирдиктүү негиздерин камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Өлкөбүздүн башкаруунун парламенттик формасына өтүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапатына жаңы талаптарды жаратып, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аны реформалоо зарылдыгы келип чыкты. Ушул милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Кадр кызматынын түзүмүндө муниципалдык кызматты өтөө бөлүмү түзүлгөн. Аталган бөлүм жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түздөн-түз иш алып барууда.

Учурда Кадр кызматы тарабынан мамлекеттик кызматтар менен катар муниципалдык кызматтардын реестри иштелип чыкты. Реестрде муниципалдык кызматтар ыйгарым укуктарына жараша ирээтке келтирилди. Бул документ 2013-жылдын 26-июнунда Президенттин жарлыгы менен бекитилген.

– Өлкөдөгү муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу багытында кандай иштер аткарылууда?

– Муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун, кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматка сынак аркылуу гана кабыл алуу, кызматкерлерди аттестациялоо иштери жайылтылды. 2012-жылдан бери 2 миңге жакын адам сынактык негизде кызматка алынды. Ал эми сынактан өтпөй туруп бош административдик муниципалдык кызмат ордуна жумушка алынган фактылар дээрлик жокко чыгарылды. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун баалоо системасы иштелип чыгып, үстүбүздөгү жылдан тартып Өкмөттүн токтому менен күчүнө кирди. Биз демилгелеген иштин натыйжалуулугун баалоо системасы өлкөбүздүн башкаруу системасына киргизилип жаткан жаңылык болду десем да жаңылышпайм.

Кадр кызматы тарабынан “КРнын жарандык мамлекеттик кызматы жана муниципалдык кызматы жөнүндө” мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Аталган долбоордо муниципалдык кызматты мындан ары өркүндөтүү, анын макамын мамлекеттик кызмат менен теңештирүү, муниципалдык кызматты мамлекеттик кызмат менен айкалыштыруу, эки кызматтын ортосундагы укуктук-ченемдик айырмачылыктарды жоюу, муниципалдык жана мамлекеттик кызмат орундарынын квалификациясын бир деңгээлге алып келүү, муниципалдык жана мамлекеттик кызматта бирдей деңгээлдеги кызмат орундарында иштегендерди ротациялоо, муниципалдык кызматкерлерди кадрлар резервине киргизүү боюнча жоболор каралган. Ошондой эле карьералык пландаштыруу деген түшүнүк киргизилген. Мында кызматкерлердин иштеген ишинин натыйжасына жараша карьералык өсүүсүн камсыз кылган принцип аныкталган. Практикалык иштин жыйынтыгы менен катар мезгил-мезгили менен окуп, кесипкөйлүгүн жогорулатып туруу, кызматтык тепкичтен көтөрүлүүнүн негизги шарттарынын бири болуп каралган.

Азыркы тапта мыйзам долбоору Өкмөттүн кароосунан өтүп жатат. Кабыл алынса, муниципалдык кызматтын макамынын өсүүсүнө, сапатынын жакшыруусуна зор өбөлгө түзүлөт деген ишенимдебиз.

– Муниципалдык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүнүн максаты жана тартиби кандай жана бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча канча муниципалдык кызматкер аттестациядан өттү?

– Аттестациялоо аркылуу кадрлардын ээлеген кызмат ордуна ылайык экендиги, кесиптик деңгээли аныкталуу менен жыйынтыгына жараша кызматкерлерге кезектеги класстык чин берүү, кызматтан жогорулатуу, же ротациялоо сыяктуу маселелер чечилет. Тиешелүү деңгээлди, кесиптик даярдыкты көрсөтө албагандарга кызматтан төмөндөтүү ж.б. чаралар көрүлөт. Азыркы иштеп жаткан “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкерлер 2 жылда бир жолу ээлеген кызмат ордуна, анын кесиптик деңгээлине ылайык келе тургандыгын, кызматынан өсүү келечегин аныктоо үчүн, класстык чин ыйгаруу үчүн 4 жылда бир аттестациядан өтүүгө тийиш.

Муниципалдык органдар акыркы жолу аттестациядан 2009-жылы өткөрүлүп, андан 1307 киши же, жалпы иштегендердин 12,9%ы гана өтүптүр. Ортодо 3 жылга жакын тыныгуу болуп, 2012-жылы гана Кадр кызматынын демилгеси менен айыл өкмөттөрү, мэриялар менен биргелешип, бүтүндөй республика боюнча муниципалдык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү чечими кабыл алынган. Жыйынтыгында, акыркы эки жыл ичинде аттестациялоодон өткөн муниципалдык кызматкерлердин саны 5810 адам болуп, муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 62,8%ын түздү. Ал эми 2620 кызматкерге аттестациялык комиссиялардын чечими менен I жана кезектеги класстык чин берүү сунушталды.

– Кадрларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасын түзүү боюнча иш алып барып жаттыңыздар эле. Бул аракеттин жыйынтыгы кандай болууда?

– Муниципалдык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган чаралардын бири катарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин системалуу түрдө окутуу, кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иштер колго алынды. Бул максатта Кадр кызматы тарабынан “2013-2017-жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууну өнүктүрүү Программасы” иштелип чыккан. Максат – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарына негизделген муниципалдык кызматкерлердин билимин жогорулатуу боюнча туруктуу системаны түзүү. Өткөн жылы муниципалдык башкаруу, стратегиялык пландаштыруу жана аймактардын экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык негиздери, социалдык коргоо системасы багыттарында 658 муниципалдык кызматкер билимин жогорулатса, быйыл 6 багыт боюнча 2900дөн ашуун муниципалдык кызматкерди окутуу каралган. Кошумча, 2014-жылы биринчи жолу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга болгон мамлекеттик буйрутманы жүзөгө ашыруу үчүн билим берүү мекемелерин аныктоо боюнча ачык тендер өткөрүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу үчүн татыктуу ЖОЖдор тандалып алынгандыгын да белгилей кетүү керек.

Динар Турдугулова