Террористтик жана экстремисттик уюмдардын интернет азгырыгы чек араларды тааныбаган көйгөйгө айланууда.

Жакында интернетке жарыяланган “Казак жихадчыларынын балдары” деген видео тасма. Адистер ал атайын пропагандалык максатта тартылганын белгилешет.

Жакында интернетке жарыяланган “Казак жихадчыларынын балдары” деген видео тасма. Адистер ал атайын пропагандалык максатта тартылганын белгилешет.

 Бул багытта маселе көтөргөн алдыңкы маалымат технологиясы боюнча адистер экстремисттик күчтөрдүн интернет тармактары аркылуу радикалдык ишмердиги күчөгөнүн белгилеп, аларды көзөмөлдөө татаалдашканын эскертишти.

Аң-сезимди багындыруунун жолу

Өткөн аптада он бешке чукул өлкөдөн келген алдыңкы маалымат технологиясы боюнча адистер Бишкекте кибер мейкиндиктеги коопсуздук чаралары боюнча тажрыйба алмашты. Буга соңку мезгилде эл аралык террористтик уюмдардын ишмердиги аралыктан башкаруу аркылуу жүргүзүлүп калганы негиз болгон.

Айрыкча интернет аркылуу аң-сезимди багындырып, виртуалдык шартта үгүт жүргүзүү менен радикалдык кадамга даярдоонун жол-жоболору таралып жатканы жыйында көрсөтүлдү. Буга жакында интернет желесине жайгаштырылган“Казак жихадчыларынын балдары” видео тасмасы мисалга алынды.Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы түзүмүнүн эскперти Бахрам Ауанасов интернет азгырык менен күрөшүү чоң көйгөйгө айланганына токтолду:

– Бул көрүнүш  бир гана Казакстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия менен Орусияда дагы кеңири жайылууда. Биздин маалымат боюнча Борбор Азиядан барган төрт миңден ашуун адам Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Анан эми негизги коркунуч, мына ошол адамдар мекенине кайтып келсе, мындагы жаштарды дагы өз катарына тартып алуусу мүмкүн. Бул уюмдар интернет аркылуу эле жаштарды өзүнө тартып, өздөрүнүн радикалдык табиятына окутуп, ага үгүттөп отуруп, аягы барып аларды жоочу болууга интернет аркылуу эле психологиялык жактан даяр кылып алышууда. Биз мындай көрүнүшкө карата ар бир мамлекет өз алдынча эмес, бардыгыбыз бирге каршы туруубуз зарыл.

Айрым бир бөлүгүн согушкерлер ээлеп алган Сириянын Кобани шаары.Айрым бир бөлүгүн согушкерлер ээлеп алган Сириянын Кобани шаары.

Сириядагы жана Ирактагы согуштук аракеттерге тартылган кыргызстандык жарандардын так саны азырынча белгисиз. Буга байланыштуу Кыргызстандын атайын кызматтары он чакты фактыны каттап, бирок анын ичинен айрым жарандар Түркиядан кайтып келгени аныкталган. Алардын көпчүлүгү интернет аркылуу ал жакка барууга азгырылганы айтылган. Мына ошондуктан адистер интернеттеги социалдык тармактарда Сирия менен Ирактагы “жихадга” деп үндөгөн жашыруун топтор бар экенин белгилешет. Бирок  интернетте аракеттенген мына ошондой топтор ушул кезге чейин аныктала элек.

Экстремисттик идеяга “сугаруунун” технологиясы

Өзүнүн ысымы жашыруун калышын каалаган жергиликтүү атайын кызматтын IT тармагынын өкүлү Кыргызстанда да интернетти экстремисттик максатта пайдалануу тенденциясы күчөгөнүн айтып, бирок ага каршы туруунун алсыздыгын  белгиледи:

– Кибер коопсуздук маселеси Кыргызстанда да олуттуу көйгөйгө айланууда. Анткени Пакистан, Ооганстан, Ирак жана Жакынкы Чыгыш тараптан интернет желеси аркылуу чыккан кандайдыр бир топтор үгүт иштерин жүргүзүп, биздин аймакка дагы өзүнүн таасирин күчөтүү аракетин көрүп жаткан учуру. Мында негизинен радикалдык  идеяга гана үгүт жүргүзүлбөстөн, кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерге нускама берилген учурлар да бар. Жардыргыч заттарды кантип даярдоо керек, диверсиялык иштерди кандайча уюштуруу зарыл деген сыяктуу террордук иштерге даярдоо боюнча сабактар да өткөрүлгөнү катталган.

Кыргызстанда да интернетти экстремисттик максатта пайдалануу тенденциясы күчөгөнү айтылууда. Иллюстративдик сүрөт.Кыргызстанда да интернетти экстремисттик максатта пайдалануу тенденциясы күчөгөнү айтылууда. Иллюстративдик сүрөт.

​Жыйында бир эле экстремисттик азгырык эмес, интернет аркылуу коомдук пикир түзүү жараяны бар экени талкууга алынды. Радикалдуу идеяны тамырландыруу менен катарды калыңдатуунун технологиясынын алдын алуучу чаралар Кыргызстанда иштелип чыга элек. Эл аралык жыйынга катышкан IT тармагындагы экспертКубанычбек Мырзакматов мына буларга токтолду:

– Азыркы учурдагы социалдык тармактар аркылуу бири-бири менен байланышып, командалык пункттарды уюштуруп, мына ошол чекиттер аркылуу башка бирөөлөрдүн башын адаштыруу ыкмалары мурда эле иштелип чыккан. Өздөрүнүн идеяларын колдогон тарапкерлерди тартуунун ыкмасы мына ошондой жол менен ишке ашат. Мындай технология менен иш алып барган учурда аларга каршы чара көрүүнүн натыйжалуу ыкмалары болууга тийиш. Башка мамлекеттерде бул сыяктуу чаралар мурда эле иштелип чыккан.

Интернет желесинде таралган экстремисттик материалдардын тек-жайын аныктоо татаал экени айтылды. Анткени иликтөөдө ал сайттын хостинги жоопкерчилигин аныктоого мүмкүн болбогон офшордук аралдарга катталганы көрсөтүлгөн.