Бүгүн, 23-октябрда 04:10дө Бишкек шаарынын Тынчтык проспектиси, №66 дарегинде жайгашкан И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин имаратында өрт чыкты.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен алдынала алынган маалыматтар боюнча университеттин жыгач устундуу калай менен жабылган 500 м² чатыры күйгөн жана 500 м² шыбы кулап түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт саат 07:06да курчоого алынды.

Мындан сырткары өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгышты.

Булак: Баракелде