гватамела

Гватемалада жолдо кетип бара жатып өлүп калуу азап. Анткен себеби, башка мамлекеттерде өлгөн адамдын сөөгү үчүн жер бөлүнүп берилсе, Гватемалада андай эмес. Бул өлкөдө негизинен калкынын 56 пайызы кембагалдыкта жашашат. Адам өлгөндө жардам бергендин ордуна тескерисинче, өлгөн адамды коюуга жерди ижарага алышат. Эгерде кандайдыр бир себептер менен каза болгон адамдын туугандары ижара акысын бербей калышса, анда ал жерди бошотуп берүүгө абзел. Каза болгон адамдардын сөөктөрүн чогултуп алышып, атайын казылган чоң чуңкурга ыргытышат.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА