Гезиттер Бакиевдин заманын кайрып келгиси келгендер дагы деле арабызда жүргөнүн жазууда.

Максим Бакиев.

Максим Бакиев

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Жүз киши жана кыргыз” деген баянын басуусун улантууда. Бул жолу кыргыздын мыкты уул-кыздары Каныкей Эралиева, Кеңеш Жусупов, Асылбек Өзүбеков, Корчубек Акназаров, Нурдин Абдылдаев тууралуу окуйсуздар.

Ушул эле санга депутат Карганбек Самаковдун “Жаманатты кылгандан ыракат алган адамдар да болот турбайбы” деген ат менен бир жарым беттен турган маеги жарык көрдү. “Фабула” гезити ошону менен бирге эле коомдук ишмер, профессор Тилектеш Ишемкуловдун 75 жашка чыккандыгына байланыштуу бир бетке толтура ырларын жарыялады.

“Айбат” гезити жаңы санын “Бакиевдердин караанынан “кагылып” турган Улугбек Ормонов” деген макала менен ачып, мындан бир-эки жылдай мурун “Бишкек Эйр” авиакомпаниясынын ээси, орусиялык кылмыштуу топтун мүчөсү Алексей Янчуг деген Дубай сотунун чечими менен өлүм жазасына тартылганда Улугбек Ормонов “Бишкек Эйр” деген менин компаниям” деп барып ээлеп алганын белгилеп: “Мына ушундай кримчөйрө менен катышы бар Улугбек 80 киши эмес, 800 кишини канга чыламакчы болгон канкор Бакиевдердин бийлигин сагынганды качан токтотоор экен, эгер элдин кыжыры кайнаса, Ормоновду да Бакиевдеринин артынан кууп жибериши мүмкүн” деп жазды.

“Айбаттын” жаңы санынан “Аудит болбой аңга түш”, “Оозу менен демократияны сүйлөп, колу менен сөз эркиндигин муунткан бейөкмөтчүлөр”, “Равшан Бабырбекович мамлекеттен алгандарын кайтарып береби?”, “Жаңы министр Талантбек Батыралиевдин маалымат каражаттарындагы калптары”, “Карганбек Самаков Эл баатырына татыктуубу?” деген макала жана ой-пикирлердин топтомдору менен таанышасыздар.

“Жаңы агым” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Сот реформасы сокур саясат эмеспи, ыя?” деген, Мелис Совет уулунун “Үйдө Манасыбыз болбосо, Үрүмчүнү кеп кылып не?” деген, “Нускалуу акын Нурпаис” деген, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаеванын “Менин атам Саякбай” деген, жазуучу Бейшебай Усубалиевдин “Жазуучулар деген – ыйык журт” деген макала, маектерин окуйсуздар.

“Де-факто” гезити бул санын “2012-жылы “Де-факто” гезитине жарыяланган макала памирлик кыргыздарга жардам берүүгө түрткү болгон…” деген, “Социалдык маселелер менен “баш оорутуп” көрбөгөн, бирок мыкты медиа-менеджер Сариева” деген макалалардын баш темалары менен ачты.

Аталган гезиттен “Жарым миллиард сомдук авантюра же Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов эмне үчүн издөөгө алынды?” деген, журналист Амантур Мусагуловдун “Биригүү бир лидерге баш ийүү эмес, мамлекеттин келечегине биргелешип кам көрүү эмеспи” деген, коомдук ишмер Акылбек Жапаровдун “Парламентке өткөн ар бир партиянын артында отчет берүү милдети турат” деген, “Төрт президенттин доорунда кылмыш иши козголгон, камакка алынган үлкөндөр” деген, Жаныбек Жанызактын “Муфтийдин эротикалык тасмасын 200 бирдикке соодалап турам” деген маек, макалаларын окуйсуздар.

“Алиби” гезити окурмандын көңүлүн “Канкорлор кайрадан жандана баштадыбы?” деген макалага бурду. Анда Батышта Шишкин деген автор: “Тынчы жок өрөөн. Борбор Азиянын чок ортосундагы революция, өлтүрүүлөр, интригалар” деген китеп чыгарганын, анда Максим Бакиевдин жан досу Гуревичтин “Эгер Максим 7-апрелде Бишкекте болгондо революция болмок эмес. Бирок курмандыктар 80 эмес, 800 болушу мүмкүн эле. Максим Кудайдан да коркпой туруп колун канга боегондон кайра тартмак эмес” деп айтканын шилтеме кылуу менен аферист Гуревич өзү төрт күн Бишкекте жашынып жатып, чечендерге 400 миң АКШ долларын берип, акча берсең башкесер болсоң да өтө бере турган кыргыз чек арасынан кантип өтүп кеткенин божурап бергенин, кыргыз бийлигинин мына ушуларды териштирбей, жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырып келатканын далилге тартып сынга алды.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин жакында эле Коомдук Биринчи каналга берген маегин толугу менен жарыялады. Ал “Коррупция менен күрөш улана берет, башка жолубуз жок” деген ат менен басылып чыкты. Гезит ошондой эле кыргыз президентинин Сауд Арабиясындагы иш сапарынан бир топ маалыматтарды тартуулады.

Гезиттин “Жаңы китептер” аттуу рубрикасынан сиздер “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редакторлорунун бири, журналист, коомдук ишмер Тилектеш Ишемкуловдун “Эң кыйын экен баарынан” деген, жаш акын Бердибек Жамгырчиевдин “Жүрөктө калган бир ысым” деген, дагы бир жаш акын Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” деген ыр китептери жарыкка чыкканынан кабардар болосуздар.

Ушул эле гезит кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Акматали Алимбековдун “Амантур Акматалиевдин эмгектери–кыргыз көркөм өнөр салттарында” деген макаласын тартууланды. Макалада Амантур Акматалиевдин тунгуч этнограф болгондугу кенен талдоого алынган.