ципрас

Грециядагы шайлоолордо ашынган солчул “Сириза” партиясы алдыга чыгууда. Добуштардын 75%ын эсептегенде бул партия шайлоочулардын 36%дык колдоосуна ээ болгону кабарланды. Эми жаңы парламентте “Сириза” 149 орунду ээлейт. Бул дээрлик парламенттин тең жарымын бир партия алды дегендикке жатат.

Андан кийинки орунда орто-оңчул “Жаңы демократия” 23-27% менен, үчүнчүдө ашынган оңчул “Алтын таң” партиялары келатат.

“Сиризага” өз алдынча башкару үчүн азырынча эки орун жетишпей жатат. 300 орундан 151ин ээлегенде гана партия өз алдынча өкмөт түзө алат. Азыркыдай шартта “Сириза” башка партиялар менен коалиция түзүүгө аргасыз болмокчу.

Грециянын бийликтен кетип жаткан премьер-министри шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын таанып, “Сиризанын” лидери Алексис Ципрасты жеңиши менен куттуктады.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА