газ боюнча

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинде Кыргыз Өкмөтүнүн кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда Россиянын “Газпром” компаниясы тарабынан өлкөнү көгүлтүр от менен камсыз кылуунун башкы планы каралды.

Жыйынды ачып жатып Өкмөт башчы Россия тарапка Кыргызстандын атынан ыраазычылык билдирди. Өлкөбүз үчүн зор мааниге ээ бул ири долбоорду толук ишке ашыруу мөөнөтү 2030-жылга чейин жүргүзүлөт. Ал боюнча түзүлгөн негизги инвестициялык программанын аткарылуу мөөнөтү 2015-2017-жылдарды камтыйт. Ушул маанилүү иштердин алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн келишимге КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен РФ “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин ортосунда кол коюу аземи орун алды. Эми жаз алды менен республикабыздын бардык аймактарында газ түтүктөрүн орноштуруу иштери башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Россиянын “Газпром” ишканасы 45,5 миллиард сом өлчөмүндөгү инвестиция жумшаары белгилүү.

Өкмөт башчы Ж.Оторбаев менен “Газпромдун” жетекчиси А.Миллер ушул күнү өлкөнүн социалдык турмушу цивилизацияга багышталган жаңы кадамдын ташталышына себеп болушту. Келишимге ылайык, Россия Кыргызстанды газ менен камсыздоодо алыскы тоолуу аймактарга да мүмкүнчүлүк түзүп бермей болду. Долбоор толук ишке ашканда, республика боюнча 411 айыл көгүлтүр от менен камсыз болуп, натыйжада 900 000ге жакын кожолук туруктуу түрдө газды пайдалана алат.

Бирок, мунун баарын ишке ашыруу оңой эмес. Андыктан, “Газпром” Кыргыз Өкмөтү менен бирдикте терең ойлонулган, бардык жагынан такталган ири долбоорду иштеп чыкты. Долбоорду толук ишке ашыруу мезгили 2030-жылга барат деп болжолдонууда. Республика боюнча 845 миң көп кабаттуу жана жеке турак жай үйлөргө да газ киргизилет. Ушул иштерди аткаруу үчүн 2750 чакырымдан ашык жерге газ түтүктөрүн тартуу керек. Ошондо, Кыргызстандын калкынын 60 пайызы көгүлтүр от менен камсыз болот. Азыркы убакта өлкөнүн 22% гана калкы газ менен камсыз болгон. Бул тууралуу Россиянын “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер айтып өттү. Албетте, түзүлгөн Башкы план иш жүзүндө абалга жараша өзгөрүшү ыктымал. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, курулуш иштери жүргөндө, монтаждоо учурунда өзгөрүү болоору алдын ала айтылган. Кантсе дагы, Союз учурунда толук аткарылбаган ишти Россия Федерациясынын “Газпром” ишканасы аткара турган болду.

Азыркы тапта Ысык-Көл, Нарын облустарында таптакыр газ жок, ал эми Бишкек шаары – 57%, Чүй облусу – 13%, Талас облусу – 1%, Жалал-Абад облусу – 10%, Ош облусу – 22%, Баткен облусу – 12 пайызга гана газ менен камсыз болгон. Ушулардын баарын кошуп чыкканда Кыргызстандын 22 пайыз гана калкы көгүлтүр от менен камсыз болгон. Долбоор ишке ашканда, элдин көгүлтүр от менен камсыз болушу Ысык-Көл облусунда – 67%, Нарын облусунда – 38%, Бишкек шаарында -74%, Чүй облусунда – 64%, Ош облусунда – 52%, Баткен облусунда – 64%га жогорулайт. Ушунун эсебинен Кыргызстандын жалпы калкынын 60%ы газ менен камсыз болоору айтылып жатат. Бул өлкөбүз үчүн түзүлгөн чоң мүмкүнчүлүк.

Ошондой эле “Газпром” Кыргызстанга газ менен жүрүүчү унаага өтүүнү сунуштоодо – экологиялык жактан таза жана бензинге караганда арзан. Ал үчүн керектүү шарттын баары түзүлөт. Маселен, автономдуу ири газдаштырылган станциялар 4 жерге курулат. Алар: Токмок, Кара-Балта жана Ош шаарларынын аймактары болмокчу. Ошол жерлерден калган жактарга автоунаага керектелчү газды алып кетсе болот. Кийин Башкы планга жараша мындай түйүндөр башка аймактарда да көбөйө бермекчи.

Ири пландардын баарын ишке ашыруу көп эмгекти жана ири суммадагы каражатты талап кылат. Келишимге кол коюу салтанаты бүткөндөн соң “Газпром” ишканасынын Башкы башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер: “Биз башында 20 млрд. рубль жумшайбыз деп ойлогонбуз. Бирок, кийинки эсептөөлөр боюнча долбоорду толук ишке ашыруу үчүн инвестициянын көлөмү 34 млрд. рубль, же 45,5 млрд. сом өлчөмүнө өстү. Аны менен катар коюлган планды так мөөнөтүндө бүтүрүүнү көздөп жатабыз”, – деп айтты. Өлкөнү газ менен камсыз кылуудагы Башкы план боюнча Ташкент-Бишкек-Алматы  түтүктөрү аркылуу түндүк регионго, ал эми Өзбекстан аркылуу түштүк тарапка берилет. Мында жергиликтүү газ кендери дагы ишке киргизилет. Ушул багытта КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев буларга токтолду: “Азыркы газ колдонуу 5 эсеге көбөйөт. Биз 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ колдонуусун 1 млрд. куб/метр көлөмгө жеткирүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн бардык шарттар бар”.

Өлкөнү газ менен камсыздоо боюнча ири долбоордун Башкы планын өкмөттүк жыйында бардык министр, облустардагы өкүлдөр жана өкмөттүк курам толугу менен укту. Анткени, план бирдиктүү аракет менен гана ишке аша турганы белгилүү. Ал эми кайсыл жерден газ түтүктөрү өтөөрүнө карап, курулуштарды жүргүзүү үчүн жерди берүү боюнча документтерди тез бүтүрүү жагы кыргыз тараптын мойнуна жүктөлдү.

“Мен бул ири долбоордун ишке ашышына ийгилик каалап кетээр элем. Биз биригип алдыга жылганда гана долбоорду толук ишке ашырабыз. Анткен менен аны аягына чыгаруу көптөгөн эмгекти талап кылмакчы”, – деп сөзүн жыйынтыктады Ж.Оторбаев.

Азизбек ЧАМАШЕВ