газдаш

Кыргызстан жыл сайын канчалык көлөмдөгү көгүлтүр отунга муктаж? Аны кайсыл булактардан алууга болот? Калкыбызды 100% жаратылыш газы менен камсыздап, бейкам жашай алабызбы? Мына ушул сыяктуу орчундуу маселелер кылдат изилденип, ар тараптуу салыштыруулардын, анализдердин жыйынтыгында Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыздоонун Генералдык схемасы даярдалып, апта мурда Өкмөттүн кезексиз жыйынында алдыга жайылды.

Аталган Генералдык схема айрымдар жеңил ойлогондой жөн салды эле чиймелер эмес, республикабыздын газ менен камсыздоо системасынын учурдагы абалына жана аны келечекте өнүктүрүүгө басым жасалган илимий-изилдөөлөрдүн жыйынтыгы десек туура.

Анда сунушталган иш-чаралардын баары белгиленген мөөнөттөрдө жана толук көлөмдө жүзөгө ашырыларынан шек саноого болбойт. Адистердин айтымында, Генералдык схемага ылайык жүргүзүлчү жумуштар ар кандай шартка жараша өзгөрө берет. Маселен, өлкөбүздүн аймактарында жаратылыш газынын жаңы кендери же камсыздоонун башка булактары табылып калган учурларда иш-аракеттер ыкчамдап, мурдагы пландарга түзөтүүлөр киргизилиши да толук мүмкүн.

Негизи, аталган схемада бир эле жаратылыш газы менен камсыздоого басым жасалып жаткан жери жок. Суюлтулган газдын эсебинен калкты автономдуу, ошондой эле аралаш камсыздоо системасы да өнүктүрүлөт. Магистралдык түтүктөрдөн калктуу пункттар үчүн мерчемдүү жерлерде газ бөлүштүрүүчү түйүндөр курулат. Автономдуу камсыз кылуу системасынын да артыкчылыгы бир топ экендигин адистер белгилешүүдө. Ал үчүн суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүчү жабдуулар орнотулат. Өндүрүлгөн суюк газ сактоочу жана таратуучу жайларга автомобиль транспорту менен жеткирилет.

Республикабыздын газ чарбасын өнүктүрүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн эске алган Генералдык схема кечээ жарыя салынса, бүгүн эле ишке ашып кетет дегенибиз аша чапкандык. Аны дагы ийине жеткире иштеп чыгып, көз жаздымда калган ар кандай жагдайларды кошумчалашат. Андан соң тараптардын макулдашуусу менен бекитилген Генералдык схемага ылайык, газ менен камсыздоо жана бөлүштүрүүчү объектилерди куруунун программасы аныкталат. Бул программада каралган объектилерди куруу жана ишке киргизүү керектөөчүлөрдүн газды кабыл алууга даярдыгы менен шайкеш жүргүзүлөт. Газомотордук отун рыногу өнүктүрүлөт.

Генералдык схемада каралган иш-чаралар өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууга, кайтарымдуу жана тең салмактуу энергетикалык инфратүзүмдү калыптандырууга жол ачат. Республикабызды электр кубаты жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоочу ишенимдүү система түзүлөт. Жогоруда белгилегендей, Генералдык схеманын өзөктүү багыты келечекте газ канчалык көлөмдө керектелээрин аныктоону көздөйт. Себеби, жылуулук, электр энергиясы, көмүр жана мотордук отунду колдонуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен газды кайтарым бергидей туура бөлүштүрүү маселеси кылдат ойлонууну талап кылат.

Өлкөбүздүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө чегерилип жаткан инвестицияларды эске алуу менен Генералдык схемада белгиленген мөөнөткө газды керектөө жылына 1,14 млрд. метр кубга жетет деп болжолдонууда.

Эскерте кетсек, учурда баш калаабыз Бишкек газ менен 57%га, Чүй облусу – 13%, Ош облусу – 22%, Баткен облусу – 12%, Жалал-Абад облусу – 10%, Талас облусу – 1%га гана камсыз болсо, Ысык-Көл жана Нарын облустарында газ тармагынын түйүндөрү түп орду менен жок.

Генералдык схемага ылайык, магистралдык газ түтүктөрүн жана тарамдарын, бөлүштүрүүчү түйүндөрдү куруп, баарын оңдоп-түзөп Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларын газ менен түйүндүк система аркылуу камсыздоо, ал эми Ысык-Көл, Нарын жана жарым жартылай Баткен облустарын автономдуу камсыздоо сунушталууда.

Генералдык схемада каралган иш-чаралар 2030-жылга чейин толугу менен аткарылса, өлкөбүздүн 400гө жакын калктуу пункттары жана 845 миңден ашык квартиралар менен турак үйлөр газ менен камсыздалат, айылдар аралык газ түтүктөрүнүн узундугу 2750 чакырымга жетет, ал эми калктуу пункттардагы бөлүштүрүүчү газ түтүк тарамдарынын узундугу 4400 чакырымдан ашат. Натыйжада, өлкөбүздүн көгүлтүр от менен камсыз болуу деңгээли 60%га жетет. Албетте, бул көрсөткүчтөр долбоорлоо-изилдөө иштеринин жүрүшүндө дагы өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Кеп соңунда сунушталып жаткан Генералдык схема боюнча аткарылчу иштердин орчундууларына да токтоло кетели. Бухара газ кенинен тартылган Ташкент-Бишкек-Алматы магистралдык газ түтүгүнүн айрым тилкелери жаңыланат, ал эми Сокулуктагы компрессордук станция реконструкцияланат. Өлкөбүздүн түштүк аймагын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо максатында “Түндүк-Түштүк” магистралдык газ түтүгү курулат. Ысык-Көл жана Нарын облустары суюлтулган жаратылыш газынын эсебинен автономдуу камсыздоого өткөрүлөт. Талас, Кара-Балта, Токмок жана Ош шаарларында жаратылыш газын суюлтуучу 4 жабдуу орнотулат. Автономдуу схема каралган облустардагы кабыл алуучу, сактоочу жана таркатуучу 16 станцияга суюлтулган жаратылыш газы криоцистерналуу автотранспорт менен жеткирилет. Автомашиналарга май куюучу станцияларга газ толтуруучу модулдук блоктор орнотулат. Ушул тапта иштеп жаткан газ бөлүштүрүүчү система техникалык кылдат текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша жана келечектеги керектөөлөрдү эске алуу менен реконструкцияланат. Мындан тышкары, автомобилдик криоцистерналарды газ менен толтуруучу 4 компрессордук станция да жаңыланат.

Жогоруда белгилегендей, бул аталгандар аткарылчу иштердин көзгө урунарлык орчундуу дегендери гана. Аныгында, буга чейин түшкө кирбеген 45 млрд. сомдук инвестициялык ири долбоордун алкагында жасалуучу толгон-токой жумуштар, түмөн түйшүктөр бар. Бирок, эки өлкөнүн биргеликтеги аракеттери менен сөзсүз ишке аша турган долбоор.

 

Керектөөчүлөр Жаратылыш газын керектөөнүн көлөмү жылына млн.м3
2015 2016 2017 2020 2025 2030
1 Чүй облусу 141,4 150,5 167,2 267,2 276,6 276,6
2 Бишкек ш. 172,3 179,1 233,7 259,0 259,0 259,0
3 Талас облусу 0,1 0,3 0,6 8,6 29,9 29,9
4 Ысык-Көл облусу     2,1 28,9 120,3 120,3
5 Нарын облусу         21,0 35,9
6 Жалал-Абад облусу 36,2 36,2 37,4 48,5 86,3 93,8
7 Ош облусу жана Ош ш. 20,2 21,3 25,4 55,9 146,7 146,7
8 Баткен облусу 4,9 5,1 5,4 14,7 53,3 60,0
9 Газомотордук отун 4,4 4,5 5,5 36,0 77,9 121,6
Кыргыз Республикасы 379,5 397,2 477,2 718,9 1071,0 1143,8

Атай АЛТЫМЫШЕВ