777
 Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин 23-декабрдагы отурумунда, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү базарынын иш аткара башташы жөнүндөгү бир катар маселелер каралды.

Сөз кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү секторлору тууралуу жүрүп жатат:

– 22 кызмат көрсөтүүлөрдүн сектору – Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндөгү Келишимдин күчүнө кирген күнүнөн тарта мүчө-мамлекеттер үчүн (бул жакка мисалы айыл-чарбасына тиешелүү кызматтар; унааларды ижаралоо жана операторсуз жабдуулоо; башкаруу маселелери боюча консультациялык кызматтар; программалык камсыздоо иштеп чыгуу боюнча кызматтар);

– 6 кызмат көрсөтүүлөрдүн сектору Казакстан үчүн 2016-жылдын 1-январына чейин өткөөл мезгилге каралган (бул секторлорго дүңүнөн жана чекене соода чөйрөсүндөгү кызматтары; франчайзингдик кызматтары; мейманкана жана коомдук тамактануучу ишканалар кызматтары);

– 15 кызмат көрсөтүүлөрдүн сектору Белорусия менен Россиянын 2015-жылдын 1-январынан тарта бири бири үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү базарын түзөт (буга мисалы, курулуш иштери; инженердик чөйрөдөгү кызматтар; кампалардын кызматы; техникалык тейлөө жана автожолдук транспорттор үчүн жабдууларды оңдоп-түздөө иштери).

Мындай жол менен 2015-жылдын 1-январынан тарта кээ бир тармактарда биримдиктин мүчө-мамлекеттеринде кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү базары иштей баштайт.