подпись
 Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 25-декабрында кабыл алган.

Мыйзам этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүү тартибин жеңилдетүүгө жана КР аймагында эмгек ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.