логотип

“Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин интернет-сайты өз ишин баштады. Аталган сайтка www.erkintoo.kgдареги аркылуу кирип, акыркы жаңылыктар, күндүн негизги темалары, ар кыл өңүттөгү маалыматтар менен таанышууга болот. Сайтта Кыргыз Республикасындагы, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги окуялар, кызыктуу видеотасмалар, фоторепортаждар, өлкөнүн жана гезиттин журналисттеринин изденүүлөрү, иликтөөлөрү жарыяланып турмакчы.

Адаттагы саясий, коомдук, экономикалык жаңылыктар, аналитика жана маектешүүлөрдөн сырткары сайтта маданият, поэзия жана публицистикага өзгөчө көңүл бурулат. Аймактардагы өз кабарчыларыбыз күнүгө өлкөнүн булуң-бурчунан алынган кабарлар менен окурмандарды тааныштырат. Ошондой эле окурмандар “Эркин Тоо” гезитинин ар бир чыккан санындагы макалаларды www.erkintoo.kgсайтынан таба алышат.

Бизди “Твиттер” жана “Фейсбук” социалдык түйүндөрүнөн да издеңиздер.

“Эркин Тоо” гезити “Журналисттер” коомуна, анын жетекчиси Марат Токоевге сайтты ишке киргизүүдөгү кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.