эле1

30-октябрда Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев журналисттер үчүн пресс-конференция берди.

Жаңы министр учурдагы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдору жөнүндөгү өзүнүн көз карашы менен бөлүштү. Пресс-конференциядагы маалыматтарга таянсак, быйылкы жылдын 23-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. 728 млн. куб метрди түзгөн. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 млрд. 177 млн. куб метрге аз. Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу боюнча акыбал өтө оор болууда,-дейт К.Турдубаев. Кантсе дагы 2015-жылдын 1-апрелине чейин суунун көлөмүн 7,1 млрд. куб метр көлөмүндө сактоо зарылдыгын айтты.

Мурда айтылгандай, Казакстандан импорттолуучу электр энергиясынын баасы жакынкы күндөрдө чечилиши мүмкүн. Ошого карата жаңы кошумча төлөм тарифтери аныкталат. Жалпысынан, энергетика тармагы кышка толугу менен даяр.

Министр: “3 жыл мурда энергетика тармагындагы жоготуулар 30 пайызды түзсө, быйыл бул көрсөткүчтү 14,8%га чейин төмөн түшүрдүк. Мындай багыт чечкиндүү улана берет”,-деп жооп берди.

Азизбек Чамашев