ЭНЕ

Эне мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз! Эне. Ата. Кандай гана улуу сөздөр, жашоонун маңызы. Ата-энең болсо бул дүйнөдө бактылуусуң! Атам кесиби боюнча инженер-куруучу, апам журналист, 33 жылдан бери кол кармашып, кыйынчылыктарды бирге жеңип, жакшылыктарга бирге кубанып, алдыга койгон максаттарына бирге жетип келишет. 33 жылдын ичинде 6 кыздуу болушуп, татыктуу тарбия берип, 3 кызын турмуш жолуна узатып, небере күтүп, бактылуу өмүр сүрүшүүдө Кыз баланы тарбиялоодо эненин мааниси абдан чоң, элибизде, “Энесин көрүп кызын ал”, “Эне жакшы-кыз жакшы” деген сыяктуу макалдар бекеринен айтылбаса керек. Биз, кыздары, апамдын акыл-насааты менен, атам экөөнүн көрсөтүп берген туура жолунда чоң ийгиликтерге жетишип келебиз. Айтмакчы, баарыбыз жогорку билимдүү, алтын медаль, кызыл диплом менен окуу жайларын аяктап, керектүү кесиптердин ээлери болуп, коомдо өз ордубузду таап, элибизге кызмат кылуудабыз. Улуу эжем Жылдыз, апабыздын жолун жолдоп, жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп эмгектенет, мен, политехникалык университетти аяктап, өлкөбүздүн ири ишканаларынын биринде инженер-программист болуп иштейм, сиңдим Назгуль Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө эксперт, Нурайым жеке ишканада менеджер. Өзүн өзү тарбиялоо, билимге умтулуу энебиздин сүтү менен калыптангандай, ар дайым изденүүдөбүз. Төртөөбүздүн экинчи жогорку билимибиз бар. Кичүү сиңдилерим Уулжан, Орус-Славян университетинде тиш доктур факультетинде, ал эми Айдай БГУда кытай тилин үйрөнүү менен алек. Ар бир жетишкендиктерибизди, кубануубузду атаке, апаке сиздерге арнайбыз. Апа, ак сүтүңүздү актоого бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз! Алтыным апам, сиз бар, биздин айланабыз жарык, төгөрөгүбүз түгөл. Дайыма жаныбызда болуп, маңдайыбыздан сылап, бетибизден өөп, батаңызды бересиз. Кыздарыңызга арнап ыр жазасыз.

Балдай жыттуу, бала жытын искеген,

Болбостур дейм, мындан артык бакыт, дем.

Ыраазымын кудайыма миң жолу,

Алтын казык болчу алты кыз берген.

Кызгалдактай кыздарымды көргөндө,

Чөккөн көңүл дароо кетет ачыла.

Баарыңарга тоодой бакыт тилеймин,

Бул ыр болсун апаңардан чачыла.

Улуу кызым, бакыраң көз Жылдызым,

Сабырдуусун токтоо мүнөз тун кызым.

Бак берсин деп жараткандан сураймын,

Сиңдилерге тирек болоор туу кызым.

Балдай таттуу кыз болсун деп ырымдап,

Атты койдук жараштырып затына.

Өмүрүң да балдай ширин болсо экен,

Ачык айрым Асель кызым татына.

Боорукерим, жароокер кыз Назгүлүм,

Кулк мүнөзүң элестетет жаз күнүн.

Пейилиң кенен, оюн терең өзгөчө,

Бак-таалайды тилеп турам мен бүгүн.

Нурайымым кирип келсе үйүмө,

Күлкү, шаң, кут төгүлөт сүйүттөрүмө.

Акылы да келбети да келишип,

Ак жүзүнөн нур тургансыйт төгүлө.

Келечекке зор максатты койгондой,

Жашооң болсун берекелүү тойлордой.

Чечкиндүүсү кайсы кыз деп сураса,

Уулжаным деп айтаар элем ойлонбой.

Эркетайым эң кичинем Айдайым,

Ширинсиң сен баарыбызга балдайым.

Дүйнөдөгү бардык жакшы тилекти,

Кенжетайым бир өзүнө арнаймын.

Эгерде Бейиш эненин таманын астында болсо, анда биз өз бейишибизди таптык. Апаке, сиз биздин жаркырап тийген күнүбүзсүз, таянар тообуз, дем алган абабыз, баары сизсиз! Сиз бар үчүн биз бактылуубуз, Апаке! Атам экөөңөр ар дайым төрүбүздүн ээси болуңуздар!

Асел Бабаканова