жеңүү

Ишемби, 27-декабрда борборубуздагы абройлуу ресторандардын биринде салтка айланган олимпиадалык бал кечеси болуп өттү. КР Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Улуттук олимпиада комитети тарабынан уюштурулган кечеде 2014-жылы эл аралык аренада ийгилик жаратып, Кыргызстандын желегин желбиреткен, мыкты спортчулар менен мыкты машыктыруучулардын ысымдары аталып, белектер менен кошо сыйлыктар тапшырылды.

Быйылкы жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Өзгөчө балбандарыбыз Азия биринчилигинде айырмаланышты. Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында Кыргызстан курамасы алтын албаса да 2 күмүш, 4 коло байгелүү кайтышты.

Спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча жылдын мыкты спортчуларына, машыктыруучуларына, калыстарына сыйлыктарды ЖК депутаттары, белгилүү коомдук ишмерлер тапшырышты.

2015-жыл – кыргыз спорту үчүн жооптуу жылдардын бири. Анткени, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтчү олимпиадалык оюндарга лицензия берчү мелдештер башталат.

 Асан ЖУНУСОВ