спирт1

2014-жылдын алгачкы 9 ай аралыгында өлкө аймагына 1 миллион 107 миң 712,8 литр спирт ичимдиктери алынып келинген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстанга дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн спирт ичимдиктери импорттолот. 9 ай аралыгында өлкөгө алынып келинген спирт ичимдиктеринин жалпы суммасы 266 миллион 431,08 миң сомду түздү. Ал эми спирт ичимдиктерин алып кирүүдөн түшкөн бажылык төлөмдөр 89 миллион 921 миң сомду түзгөн.

Кыргызстанга алынып келген спирт ичимдиктеринин басымдуу бөлүгү Орусиядан (645 миң 801,9 литр) келген. Финляндиядан 129 миң 777,5 литр алынып келинсе, Швециядан 91 271 литр арак келген.

Булак: super.kg